Кызыл-Булак: Кыргызстандык мигрант: «Мен өзүмдүн укугуму коргойм деп түрдүү аракеттерди жасадым, жыйынтыгы болбоду»

1 Август 2013 жыл 22:27
Количество просмотров: 43

Кулатов айыл аймагынын тургуну Россияда жарым жылдан ашуун иштеп келди. Иш берүүчүлөрдүн бири айлык акысын бербей, эмгек келишими менен «алдангандыгын» айтып берди. Айыл тургуну атын жашыруун бойдон калтырууну суранды.

«Азык-түлүк магазининде продуктуларын сатып, ошол дүкөндө сатуучу-консультант болуп ишке киргенмин».wpid-20130730_100609
«Келишимди толугу менен окуп чыгып, жеткиликтүү түшүнүк алганмын. Келишим
боюнча жумасына мынча саат иштейсиң, […] саатына ушунча сом төлөнөт деп көргөзүлгөн […] Эмгек келишимди сурасам мага бербеди. Бир айдан соң айлык алгандан кийин беришти».

«Жумушта кыздардын жетишпей калгандыгына байланыштуу жетекчи мени кошумча жумуш саатын иштөөмдү суранды. Ошону менен кошо ал ашыкча жумуш убактына мынча сомдон төлөнөт деп мени менен келишти. Бирок эч кандай кагазсыз келишкенбиз. Натыйжада, айлыкка келгенде […] бир айына алты миң рубль эле берген. Анан мен сурасам «калганын качан берет» деп жетекчи айтты, бар болгону ушул экен сенин акчаң. Эмгек келишимиңде сен 6 миң рублге кол коюпсуң».wpid-20130730_101357
«Оз укугумду коргойм деп, айлык акымдан алданып калганыма байланыштуу […] акысыз консультацияларга бардым, юридический консультацияга […] Адвокат жолугуп калып сүйлөшүп, ал мага жардам бермекчи болду […]. Документтериңди көргөз деди. Ал документтеримди текшерип, сенин келишимиң мындай болуп калган экен, сен эч жерден утуп чыга албайсың, акчаңды ала албайсың деди».

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ушунчалык ишиң болсо да, айлыгың аз болгонуна байланыштуу жашоо турмушта канчалык болбосун акча керек экен. Аз да болсо азыр аллахка шүгүр жетет. Бирок дагы да болсо барып иштемекчимин. Бул жерде алган айлык акыга караганда көп кыйналсамда бала-чакамды жакшы бакмакчы элем».

Автор: Айдана Эргешбай кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...