Ооган-Талаа: Бий сынагында аймактык мыктылар аныкталды

18 Июнь 2014 жыл 18:39
Количество просмотров: 18

Айылдагы №17 мектептин 6-9-класстарынын арасында үч багытта бий сынагы болуп өттү. Индия бийин аткарган кыздардын тобу мыкты деп табылып райондук сынакка жолдомо алышты.

Мектеп директору бул конкурс келечекте окуучулардын арасынан бийчилерди атайын тандап алуу үчүн уюшулганын билдирип өттү. Катышкан бийчилер өздөрүнүн кубанычын тең бөлүшүп, абдан сүйүүнүү менен айтып жатышты.

image

«Бул конкурсту маданият министрлиги тарабынан келечекте окуучулардын арасынан бийчилерди атайын тандоо жана алдыңкы орунга чыккан бийчилер бир топ башка өлкөлөргө өз өнөрүн тартуулап келүү үчүн уюшулган»,-деди мектеп директору Давлет Өмүрзакова.

№17 мектептин алтыдан тогузга чейинки бий конкурсуна катышкан окуучулары өздөрүнүн жетишкендиктери жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып беришти.

image

«Конкурс аябай кызыктуу өттү. Бул конкурска мыкты бийчилер ар кайсы жерлерден келишти. Аларды көрүп биринчи орунга жетпей калабызго дегем. Бирок акырында биз жеңип кеттик. Ошондо мен аябай кубанып районго даярдана баштадым»,—дейт бийчи Абдували кызы Оматай.

image

«Бул конкурс жөнүндө эжекемден угуп, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Ошентип он окуучунун ичине мен да кошулдум. Биз кыргыз, индия жана хип-хоп бийлерин бийледик. Бийлерибиздин ичинен индия бийин мыкты деп табып, калыстар эң жогорку бааларды коюшту»,—деп кубанычы менен бөлүштү алтынчы класстагы Айжана.

image

«Бизге ушундай шартты түзүп берген, ушул конкурстун уюштуруучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,—деп ыраазычылыктарын билдиришти бийчилер.

Автору: Эркинбекова Айсулуу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...