Учкундун жашоочулары бузук көпүрөнү айланып өтөм деп жабыр тартууда

13 Июнь 2014 жыл 14:46
Количество просмотров: 6

image

11-июнь күнү кечинде Учкун айылынан Шейшенаалы ата конушу менен Асанаалы көчөлөрүн байланыштырып турган көпүрөнү айыл тургуну өзүнүн минген аты менен айланып өтө калам деп каналга кирип кеткен.

Ошол күнү Нурмат Куттубек уулу мектептен келе жатып ал кишинин суудан атын чыгара албай жатканын көргөн.

«Бул жакта көп кырсык болот, аты менен жылаңач денечен кирген киши күндүн суугунда атын кыйналуу менен алып чыккан»,-
дейт ал.

image

Нурматтын айтуусуна караганда, 10-классынын окуучусу Нурсултан Темирбеков да трактор менен көпүрөдөн айланып өтөм деп каналга кирип кетип, оор жаракат алган.

Көпүрөнүн ушул абалда турганына көп болду. Анын жанында жашаган 62 жаштагы Темирбек Жумаев айыл өкмөткө нааразы.

image

«Айыл өкмөт көпүрөнү оңдобой жатат, көпүрөнү айланып өтүүгө туура келүүдө, балдарыбызга бир нерсе болуп кетет го деп тынчсыздануудабыз, көпүрөнү тез арада оңдосо жакшы болоор эле»,- дейт ал.

Учурда көпүрө качан оңоло тураары тууралу айыл кеңешинин депутаты Адыл Мусаев мындайча белгиледи.

image

«Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 40 миң сом сарпталат. А бул каражатты бюджет бизге бербейт, депутаттардын атынан оңдотуп берүүгө аракет кылабыз»,-дейт ал.

Анын айтымында, айыл өкмөтүнүн бюджети март айында бекитилгендиктен, бул маселеге акча каражатын башка булактардан издөө керек.

image

Көпүрөнүн начар абалынан калк жабыр тартууда. Качан адам катуу жаракат алганда гана оңдоо иштери жүрөбү?

Авторлор: Алмаз Эшбаев, Нурдин  Токторбай уулу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...