Токтояндын жаш баатыр энеси Жаңыл Асырбаева жөлөк пулга жетпей келет + аудио

16 Июнь 2014 жыл 13:14
Количество просмотров: 21

Rita_baatyrene_toktoyan_mixdown (2)

Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.

[soundcloud id=’158922946′]

Айылдагы чоң үй-бүлө ээлеринин бири Жаңыл Асырбаеванын сегиз баласы бар — анын баары кыз.

“Учурда сегиз балам бар, үчөө студент, үчөө мектепте окуйт, ал эми экөө болсо үйдө. Бир үйдө сегиз балам жана жолдошум, баардыгы он киши жашайбыз. Балдарымдын ортолору үч жаштан”, — деп баяндап берди Асырбаева.

Айылдагы баатыр энелердин бири Асырбаева 19 жашында турмуш курган. Балдарынын эң улуусу 23тө болсо, эң кичүүсү эки жашта.

“Азыр болсо 42 жаштамын. Балдарымдын улуусу 23кө келди, кичүүсү болсо экиде. Азыр энелерге балдарды багуу оор болуп жаткандыктан улам, аялдар баатыр эне болууну каалашпайт”, — деп эсептейт сегиз баланын энеси Жаңыл Асырбаева.

Үй-бүлөнүн кеткен каражатын жолдошу Кадыркул иштеп табат. Ал Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Үйдө жолдошум өзү жалгыз иштегенине карабастан үй-бүлөбүздү бакканга жакшы эле жетет, деп билдирди токтояндык баатыр эне Асырбаева.

Rita_baatyrene_toktoyan_mixdown (1)

“[…] Баатыр эне деп мамлекет эч нерсе берген жок, жада калса, энелер күнүнө деп бир гүл да берген эмес. Мамлекет карап да койбойт. Эч кандай жөлөк пул да албайбыз. […]”, — деген нааразычылыгын билдирди Асырбаева.

Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүнүн жетекчөөчү адиси Айнакан Темпированын айтымында, айылдагы баатыр энелерге карата көп эле иш чаралар уюштурулуп турат.

“Асырбаева Жаңыл бизге жөлөк пул боюнча кайрылган. Ал боюнча өзүнүн коюлган нормативтери бар — жер үлүшү, бакчасы, маяна, жеңил унаалары каралат. Эгерде унаасы болсо, аларга эч качан пособие чыкпайт. Жолдошунун айлыгын, бакчасын жана үлүштөрүн кошуп эсептегенде, ашып кетип жатат. Ошондуктан ага пособие берилбейт”, — деп түшүндүрдү жагдайды Темпирова.

Карасаев айыл аймагына Токтоян, Тогузбай жана Тасма айылдары кирет жана аларда жалпысынан 57 баатыр эне бар.

Даярдагандар: Рита Кеңешова, Жеңиш Таштанбек уулу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...