Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2014

Кара-Суу: «Сармерден» оюну отмокчу

Чуй областынын Кара-Суу орто мектебинде ушул жылдын 26 ноябрда кыз-жигит оюну откорулот. Оюнду Кара-Суу мектебинин окуу завучу Марафат Насранбекова жарыя кылды.

Баетов айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Нарын облусуна караштуу Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде 800дөн ашык окуучу билим алат. Бул мектеп төрт корпустан туруп, эки корпусу гана окууга жарактуу болгондуктан жаңы имараттын салынышына муктаж. …

Боз-Учук айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Ысык-Көл облусунун Боз-Учук айыл аймагы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын долбоор жазылып ал колдоого ээ болгон. Аталган табыштама Социалдык Өнүктүрүү Министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынын каржыланган. Долбоордун алкагында …

Көк-Иримде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл бурулууда

3-декабрь  ден- соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдардын  Эл аралык күнүнө карата Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөтүндө  жыл сайын ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

Тайлак баатыр атындагы спорт клубу көптөгөн ийгиликтерге жетишип жатат

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан “Тайлак баатыр” атындагы спорт клубу көптөн бери ийгиликтерге жетишип келе жатышат.  Алар Кыргыз Республикасын башка өлкөлөргө таанытууга жана  желегин желбиретүүгө салымын кошуп келишет. Жакында эле …

Сары-Булуң айыл аймагындагы алгылыктуу иштер

Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Молдобаев Тойгонбай Бекташович өкмөттүн алгылыктуу иштери жөнүндө маалымат берди.

ЖЕР ТИТИРЕСЕ – ЭЛ ТИТИРЕЙТ

Тон районунда 14 ноябрь күнү күчү 7 баллдык жер титирөө катталды. Бул жаратылыш кырсыгынан Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 458 турак жай үй, короо жайлар ар кандай категориядагы жаракаларга ээ болгон.

Көптөн бери күтүлгөн жаңы мектеп ачылды

24-октябрь күнү Лейлек районунун Искра айылында Совет доорунда башталган мектеп бүтүрүлүп, ишке киргизилди. Бул узак курулуштун аякташына жана мектептин ачылуу аземине атайын Президенттик Аппараттан И.Илмиянов, билим берүү жана илим министири …

Суусамыр айыл аймагында жаңы оорукананын ачылышы болду

Суусамыр айыл аймагында жаңы типтеги эки кабаттуу оорукананын ачылышы болуп, колдонууга берилди. Оорукананы салуу мамлекет тарабынан каржыланып, 3 жылдын ичинде салынып бүттү.

Баетов: Мектеп ашканасынын жабдыктары жаңыртылды

Баетов айылындагы Бакый Мүсүралиева  атындагы орто мектебиндеги балдар тамактануучу ашкананын жабдыктары ата-энелердин жардамы менен жаңыртылды. 1-4-класска чейинки окуучулардын ата-энелери жалпысынан 10 200  сом  чогултушуп,  бул каражатка ашкана үчүн нан салгыч, тамак …

Баетов айыл аймагында биометрикалык каттоо жүрүүдө.

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында калкты биометрикалык каттоо   12-ноябрда башталып,  учурда 184 киши каттоодон өттү. Маанилүү бул кампаниянын жүрүшү жөнүндө Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков маалымат берди.

Сүлүктү педагогикалык колледжи достук фестивалында 1-орунду алды

Баткен Мамлекеттик Университетинде институттар жана колледждер арасында 17-ноябрь күнү достук фестивалы болуп өттү. Фестивалдын максаты жаштардын талантын өркүндөтүү менен улуттар аралык достукту чыңдоо.

“Жамааттык ЖМКлар – жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө” аттуу семинар Караколдо

2014-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Кара-Кол шаарында Ысык-Көл облусундагы айыл аймактардын кызматкерлери жана адистери үчүн “Жамааттык ЖМКлар – жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө” аталышындагы семинар уюштурулду. Окуу Бишкек шаарында жайгашкан Өнүктүрүү саясат институту …

Тогуз-Торо айыл аймагындагы алгылыктуу иштер

Тогуз-Торо Жалал-Абад облусунун эң алыскы жолу катаал, тоолуу аймакта жайгашкан. Жылдын октябрь айынан тартып июнь айына чейин Тогуз-Торо аймагынан Жалал-Абад шаарына каттоочу жол толугу менен жабылат. Аталган кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан …

Улахол айыл аймагындагы ийгиликтүү долбоор

2013-жылы Улахол айыл аймагынын атынан Өнүктүрүү саясат институту жарыялаган жергиликтүү демилге кичи сынагына катышып, 1млн сомдук грант утуп алган. Грантка жергиликтүү бюджеттен 430000 сом накталай акча кошулуп тендер аркылуу МТЗ-82 …

Тогуз-Булактагы “Чебер” жамааты

Түп районунун Тогуз-Булак айылында 2006-жылдан бери жамааттар уюшулуп өз ишмердүүлүгүн алып барышууда. Азыркы учурда толук кандуу 14 жамаат иштейт.  Ал жамааттардын бири “Чебер” жамааты жөнүндө аталган жамааттын мүчөсү Анара Жамакеева …

Саякбай Каралаевдин көргөзмөсү ачылды

XX кылымдын Гомери аталган биздин улуу манасчыбыз Саякбай Каралаевдын 120 жылдыгына карата Талас облусунун Бакай-Ата айылында ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. 1935-жылдан тарта Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосунун жазуу иши …

Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган иш чара өттү

Нуркул Кулназаров атындагы китепкананын балдар бөлүмү тарабынан  “С. Каралаев XX кылымдын Гомери”  аттуу китеп окурмандарынын конференциясы өттү. Аталган иш чарада  улуу манасчынын сүрөттөрү коюлуп, катышуучуларга өмүр жолу тууралуу баяндама берилди. …

Баетов: Окуучуларга акысыз кино көрсөтүлдү

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн кыргыз режиссерлорунун  “Мээлей”, “Кемпир”, “Дөңгөлөк” аттуу кыска метраждуу кинофильмдери акысыз көрсөтүлдү. 

Эки элдин достугуна данакер болгон бала бакча

Алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында учурда “Байчечекей” балдар бакчасы үзүрлүү иштеп, жаш бөбөктөрдү тарбиялоо менен бирге айылда жашаган эки элдин, тагыраак айтканда, кыргыз жана тажик элдеринин эзелки достугун …

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...