Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Февраль 2015

Баетов: Жаштар арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө   жаштарды  ынтымакка, достукка,  илим-билимге тарбиялоо менен бирге  таланттарын элге таанытуу, маданий деңгээлин көтөрүү  максатында “Кош жылдыз”  кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын шарты боюнча 17 жаштан 24 жашка чейинкилер …

Кулатов айыл өкмөтү Ооган согушунун ардагерлерин кантип сыйлады

«Бул күн  согушка барбагандар үчүн как майрам катары болсо, биз үчүн эскерүү күнү болуп атат. Себеп дегенде бүгүн биз ошол өткөндөрдүн эстеликтерине, мектептерге барып гүл коюп, курман болгон досторубузду эскерип …

Долбоордун негизинде мугалимдер атайын окуудан өтүп келишти.

АРИС  “Айыл жерин суу менен камсыз кылуу жана санитария-2”   долбоорунун алкагында  «Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында  санитария  жана гигиенаны илгерилетүү” программасын жүзөгө ашырууну баштады. Аталган  программанын негизги максаты  мектептерди таза суу …

Баетов: Англис тили жумалыгы жыйынтыкталды.

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто  мектебинде  «Англис тили эл аралык тил» деген аталыштагы англис тили жумалыгы жыйынтыкталды.  Англис тилин сүйүүгө тарбиялоо максатында жарыяланган жумалыкта сүрөт сынагы өтүп,  …

Аба-ырыйынын кескин жогорулашы Сүлүктүдө көйгөй жаратууда

Сүрөттө чөгүп кеткен жолдун көрүнүшү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын нормадан бир  топ жылуу болуусу менен  жем-чөптүн баасы, көмүрдүн баасы арзандады. Бирок инфраструктурага зыяндуу кесепеттерин да алып келди. Атап айтсак январь …

Жаңыртылган Мобилдик тиркеме «Айыл үнү» Кыргызстанда колдонулат

Айыл үнү тиркемеси макалаларды окууга, аудио угууга, Кыргызстандагы жааматтык борборлордон видео програмаларын көрүүгө болот. Тиркеме айылдагы аялдардын, жаштардын жана балдардын көйгөйлөрүн кыргыз, орус, англис тилдеринде чечим кабыл алуу деңгээлинде жеткизет.

Талас: Бакай-Атада үйлөрдүн короосун суу каптап, сарай дубалдары кулады

Кечээ кечинде жааган жамгырдан улам Бакай-Ата айылындагы бир канча турак-жайдын короосун суу каптады. Аталган айылдын тургуну Кадырбай Асылбековдун короосуна суу кирип, кой, отундарын агызып кеткен. Кадырбай Асылбековдун айтымында 12-февралда кечки …

Сыйлык сыймык же Ак эмгектин үзүрү.

14-февраль күнү Сүлүктү шаарында Оооган Жоокерлерине карата өткөрүлгөн чоң салтанаттуу азем адаттагыдай жакшылык иштери менен башталды. Бир топ мыкты иштеген инсандарга Мамлекеттик, областтык деңгээлдеги сыйлыктарды тапшыруу менен башталды.

Үч-Коргондогу ооруукананын азыркы учурдагы шатрттары жана абалы

Үч-Коргондогу ооруукананын  алдында алгачкы ирет  терапиялык бөлүм ачылды. Бул туурасында Хабибуллаева  Гулчехра билдирди.

«Кыргыз-Нуру» жаңы ырдын бет ачары

14-февраль күнү  Ооган жоокерлеринин майрамын утурлап Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кыргыз-Нуру» аттуу жаңы ырдын бет ачары болду.

Ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө камкордук

14-февраль интернационал жоокерлердин күнүнө карата каза болуп калган Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө, балдарына барып куран окутулуп акчалай жана көмүр менен жардам берилди. Бул ишчараны Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин уюмунун төрагасы А. …

Токтоянда бозо салгандар арбын

Токтоянда бозо салгандар көп. Жасалышынын оордугуна карабай, ден-соолукка тийгизген таасири зор, деп даярдап ичишет. Ал гана эмес күнүнө 20 литр өткөргөндөр да жок эмес.

Кызамык менен жабыркагандар көбөйүүдө

Учурда балдар арасында кызамык күч алган мезгил. Бул ооруну  кыргыз элинде кээ бир жерлерде кызыл көйнөк деп да атап келишкен. Кызамык-вирустар козгоочу, тез арада жугуучу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, …

Төө буурчактын баасы кайрадан төмөндөдү

Талас аймагында төө буурчактын баасы кыйла төмөндөөдө. Бул өз кезегинде дыйкандарга бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Рубльдын курсунун түшүшү Орусиядагы эмгек мигранттарына кедергисин тийгизүүдө

Көл аймагынын Токтоян айылынын адамдардын 1/4 бөлүгүн Орусиядан иштеп келгендер жана ал жерде ишин дагы улантып иштеп жаткандар түзөт. Кээ бир айылдын тургундары  рубльдын курсунун түшүшүнө карабастан иштешүүдө.

Жетим балдарга стипендия чегерилет

Кошбулак аймактык башкармалыгындагы №7-, №4- орто мектептеринде, №9- гимназияда жана көмөкчү мектеп интернатында окуп жаткан 7 жаштан 13 жашка чейинки 52 тоголок жана жарым жетим окуучуларга, Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук …

Балдардын коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүүдө

Учурда республика боюнча балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан зордук-зомбулук  негизги маселе болууда. Көңүл борборунда коомчулуктун талкуусунда туруп жаткан мындай көрүнүштү алдын алуу максатында Баетов айыл аймагында атайын иш мерчемдери …

Көмүр кенинде кенчилердин өлүмүнүн себеби иликтенип катуу чара көрүлөт.

2014-жыл ичинде жана 2015-жыл башында көмүр кенинде иштеп жаткан шахтерлордун өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу маселе 6-февраль күнү Сүлүктү шаардык Аткаруу Комитетинин отурумунда каралды. Бул маселеге шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери, Жергиликтүү Депутаттар катышып …

Муз тебүүчү жай жаштардын эс алуу борборуна айланды

Баетов айылында  2 жылдан бери муз тебүүчү  жай  жашоочуларга кызмат көрсөтүп келет. Айрыкча жаштар, окуучулардын эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу борборго айланган бул жерде кезек күткөндөр абдан көп. Эртең менен …

Биометрикалык каттоо үчүн мекемелерди кыдырууда

Баетов айылында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев  атындагы орто мектебине  келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...