Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Апрель 2015

Үч-Коргон: Мультимедиа борборунун жетекчиси Оштогу IWPR тренингине катышып келди

Тренинг Ош шаарында 17-18-апрелде өттү. Ага катышкан журналисттер адам укутары боюнча маселелерди эл аралык талаптарда чагылдыруу боюнча окутуудан өтүштү. Бул туурасында Үч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Атабек Арипов билдирди.

Сары-Булуң мультимедиа борбору ишке кирди

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Сары-Булуң мультимедианын  максаты элди маалымат менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйү боюнча чечим …

Куу-Майданда адамдар өтүүчү көпүрө оңдолууда

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында адамдар өтүүчү көпүрө жаңыдан оңдоло баштады. Көпүрөнү курууну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алды. 

7-апрель Кыргызстандын кайра жаралуу күнү

7-апрель элдик революциясына 5 жыл болгонуна байланыштуу район денгээлинде иш чара болуп өттү. 2010-жылдын 7-апрелинде элдин мүдөөсүн, талабын аткара албаган бийликке басымдуу бөлугү элеттик жаштардан турган элдин калыӊ катмары каршы …

Токтоянда касиеттүү мазарлар көп

Кыргыз эли негизинен жаратылыш менен тыгыз байланыштагы эл эмеспи. Алар дайыма отко, сууга, ыйык жерлерге сыйынышкан. Дал ушул ыйык мазар талдар бизде көп.

Токтоян: Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун аты бекеринен коюлган эмес

Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы бекеринен коюлган эмес. Ал согуш талаасында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, башка жоокерлерге үлгү болгон. Биз сөз козгойлу деген баатыр Токтоянда туулган. 

Куланак: Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жеңилдетүү

Куланак айылында “Кызыл жарым ай коомунун” жардамы менен уюшулган “Өзгөчө кырдаал учурда кантип биринчи жардам берүү керек” деген темада окуучуларга семинар тренинг болуп өттү. Семинарды Нарын шаардык “Кызыл жарым ай …

Токтоян: Колунан көөрү төгүлгөн Салтанат эне

«Өнөрлүү адам кор болбойт» дегендей айылдагы Салтанат эне үйдөн бекер отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, ала кийиз, жылуу кийиз, өтүктөрдү жасайт.

Бакай-Ата: Ленин мектебинде азык-түлүк программасы уланууда

Бакай-Ата айылында В. И. Ленин атындагы орто мектеби Орус Федерациясынын колдосуу менен ишке ашырылып келген БУУ ДАПнын жана Кыргыз Республикасынын долбоорун алкагында Өкмөтүнүн «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» доллбоорун алкагында пилоттук мектеп болуп дүйнөлүк, …

Барскоон: Кендирбаев мектебинде кезектеги акыл ордо география темасында болду

Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу жана окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурууда.

Куланак орто мектебинде ысык тамак очокто жасалат.

Куланак орто мектебинде электр жарыгы өчкөн учурда ысык тамакты очоко жасоого туура келет. Айылда подстанцияларда ремонт журуп свет өчүрүлүүдө. Электр жарыгы ар кандай жаратылыш кубулуштарына байланыштуу көп өчөт. Мектепте электр …

Кара-Балта суу сактагычы айылдагы өзгөчө жерлердин бири

Кара-Суу айылы Чуй облусунун Жайыл районунун борбору Кара-Балта шаарынан ылдый 30 километр жерде жайгашкан. Кара-Суу айыл аймагында өзгөчө жана кооз жерлер көп болбогону менен алардын саны куру эмес. Анткени айылдан өйдө үч километр аралыкта …

Терек-Сууда айылдык кеңештин ачык сессиясында үч маселе каралды

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин ачык сессиясы 2015-жылдын 14-апрелинде болуп өттү. Анда үч маселе боюнча талкуу болду.

Токтоян: Айылыбыздагы Адилет кичинекей болсо да техникаларды оңдойт

Токтояндык Адилет Аманбек уулу 9-класстын окуучусу. Өзү кичинекей болсо дагы азыртадан машинанын моторун жасап, ар кандай бузулган майда-чүйдө техникаларды жасоо менен алектенет.

Андарактыктар алмадан жакшы түшүм күтүүдө

Андарак айылынын тургундарынын көбү алма өстүрөт. Жемиште витамин көп болгондуктан, элдер да кызыгып алма бактуу болууну каалайт.

Андаракта пахта жана жүн тытуу көйгөйү жок

Андарак айылында үч жылдан бери пахта, жүн тытуу цехи иштеп жатат. Төмөндө цехтин башчысы Асан Марипов менен маегибизди сунуштайбыз.

Куу-Майданда «жаз жарышы» башталды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз жарыш башталды. Жаз жарыш деп өзү эле айтып тургандай баардык Куу-Майдан айылынын тургундары талаа жумуштары менен жер айдап, үрөөн себе баштаган кездери.

Сынакта баш байгеге ээ болду

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Айгерим Байтерекова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көркөм окуу боюнча облустук сынакта баш байгени жеңип алган.

Терек-Суу: Мектепте комуз ийрими иш алып барууда

Терек-Суу айылындагы № 12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде окуучулардын талантын ачуу жана өнөр казынасына тартуу максатында чакан ийримдер ачылган, алардын бири комуз ийрими. Бул ийрим мектептин маданият тармагына …

Терек-Суу: Мектепте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

Адабият дүйнөсүндө акындардын алпы болгон Алыкул Осмонов быйыл 100 жашта. Кыргыз журтчулугуна өлбөс, өчпөс таланты менен из калтырган, «жаратканга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айтпаган» акын …

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...