Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Апрель 2015

Андарак: Мугалимдер айылдык волейбол мелдешинде 3-орунду алды

Андарак айылынын Манас орто мектебинин спорт залында мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Оюн бир күнгө созулду.

Ханнс Зайдель фондунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Майер Сүлүктүгө келди

Ханнс Зайдель Фондунунун Орто Азиядагы башчысы Доктор Макс Георг Майер иш сапары менен Сүлүктү шаарында болду. Максаты Фонддун каржылоосу менен Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын магистр программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн иштери менен танышуу жергиликтүү …

Тайган багууга өзгөчө көңүл бурула баштады

Майда мал, ири мүйүздүү мал көбөйүп, жайлоого алып чыгып багуу жолго коюлуп жаткандыгы менен карышкырлардын малга коркунучу да көкөйгө тийген. Ошондуктан бул коркунучтун алдын алуу үчүн тайган багуу аракеттери көрүлүп …

Тогуз-Торо: Районунун акими И Т.К Идирисов Сары-Булун айылында жазга себуу иштери менен таанышты.

Кара- Суу  айылында  райондук  мамлекеттик  администрация  башчысы- аким Т.К.Идирисов  жана  райондук  эл  тейлоочу  мекемелер,    айыл  тургундары  менен  биргеликте  элдик  жыйын  болуп  отту.

Үч-Коргондуктар быйыл да гиластан жакшы түшүм алууну күтүүдө

Шохрухтун билдирүүсүнө караганда кыштын узакка созулганы жана  кардын жааганы гиластарга жана айрым мөмөлүү дарактарга таасирин тийгизе алган жок.

Токтоян: Дене тарбия мугалими тогуз коргоолдорду өзү жасайт

Тогуз коргоол — бул кыргыз элинин илгертен бери ойнолуп келе жаткан улуттук оюну. Дал ушул аталган тогуз когоолду токтояндык дене тарбия мугалими өзү жасайт.

Токтоян: Мектепте башталгыч классынын Алиппе майрамы болуп өттү

Токтоянда 1-класстын Алиппе майрамы болду. Бул майрамда кичинекей балдар дикломация (ыр) гана айтышпастан бийлешип, чакан сценкаларды коюшуп айтор өзүнчө шаң менен өткөрүлдү.

Мултимедиянын координаторлору семинарларда

Ар айда ар кандай түрдөгү семинар,окуулар менен таанышышып борбор калаага каттап жыргашты координаторлор. Бирок тажрыйбаларын арттырып мултимедия  борборлорду кантип өнүктрүүнү кантип өзүн өзү каржылоону кенен үйрөнүшүүдө. Координаторлорду атайын жогорку билимдүү …

Бакай-Атада күнөскана өз кызматын улантууда

Бакай-Ата айылында кунөскананын ээси Бегайым Абдыкаева эжеге кайрылдык. Бул күнөскананы (теплица) курганыңызга канча убакыт болду? “Бул күнөскананы 2014-жылы март айында баштаганбыз, сентябрь айында тигип ноябрда түшүмүн ала баштадык.

Чыгармачыл инсанды эскеришти

Бүгүн райондук маданият үйүндө “Маданияттын мыкты кызматкери”, чыгармачыл инсан маркум Доктурбек уулу Кеңешбекти эскерүү кечеси болуп өттү. Кесиптештеринин демилгеси менен маркумдун 14-апрель туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүүгө туугандары, достору келишти. …

Үч-Коргон: Өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу боюнча окуу-жай иш-чара өткөрдү

Бул туурасында Кызыл-Кыя Гуманитардык Педагогикалык инстутунун директору Тайиров Миталип Муратович билдирди.

Үч-Коргон: Жаштар Кербен шаарында бизнести пландаштыруу боюнча окуудан өттү

Аксы районуа караштуу Кербен шаарында 10-апрель 12-апрель күндөрү бизнести пландаштыруу боюнча тренинг болуп өттү. Уюштурулган тренингге 23 жаштар борборлорунун ичинен Үч-Коргон жаштар борборунун лидери Медер Суюнов да активдүү катышып келеген.

Терек-Суу: Жети айылды камсыз кылган набайкана

Терек-Суу айылынын жеке ишкери Таалай Турдалиев кыргыз элине улуу деп саналган нан азыктарын өзүнүн чакан «Алина» ишканасынан чыгарып Терек-Суу, Чоң-Арык ж.б. дагы 5 айылдын мектеп  окуучуларын тогуз жылдан бери камсыз …

Бакай-Ата айылында футбол аянтчасы ишке кирди

Бакай–Ата айылындагы эски футбол аянтчасынын жанына жаны үлгүдөгү кичи футбол аянтчасы ишке кирди. Жаны футбол аянтчасын жасоону мини футболдук аянтчасын жасоо негизинен жаш депутаттар айылдык кенештер,жаштардын демилгеси менен жана ARISтин колдоосу …

Зордук-зомбулукка каршы биргелешкен аракеттер башталды

Бүгүн 14.04.15 Кошбулакта №4-орто мектептин Чоң жыйындар залында үй-бүлөдөгү жана жаш балдарга карата көрсөтүлүүчү зордук-зомбулукту болтурбор максатында жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын Биргелешкен жыйыны болду.

Колго жасалган электр көөрүгү

“Шыгай” дыйкан чарбасынын мүчөсү Шыгаев Келдибек кадимки көөрүктү электр тогуна туташтырып койгон. Бул темирди ысытууга, иштетүүгө, аны ар кандай калыпка келтирүүгө абдан оңой. От жагууга кошумча күчтүн кереги жок. Бул …

Айыл чарба шайманы колго жасалууда

Баетов айылынын тургуну Шыгаев Келдибек жазгы талаа жумуштарына колдонулуучу тырмоонун тиштерин   колго жасайт. Эскирип, керектен чыгып калган тырмоону алып, анын тиштерин чыгарып, мизи учталып кайрадан жаңыртылат.

Тасма: Мектепте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

Залкар акын, «Кудайга мин мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айталбаган» Алыкул Осмонов. Быйыл талантуу бул акыныбыздын 100 жылдыгы анын бул маарекесине жер-жерлерде, мектептерде ар кандай кечелер, эскерүүлөр …

Республикалык «Манас таануу» сынагында учкундук топ облустун жүзүн коргойт

 Нарын шаарында Коомдук телерадио корпорациясынын Манас таануу сынагы болуп өттү. Аталган сынакка жалпы 8 топ катышып 1-2-орунду алган топтор республикалык таймашка жолдомо алышты. Алардын бири: Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин …

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата улак тартыш оюну болду

Бүгүн Кошбулактын күн чыгыш жагында, Исхак Раззаков туулган жерде Чоң улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жалпы Сүлүктү шаарынын атынан өткөрүлдү.

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...