Ооган-Талаа жана Кара-Көл айылынын тургундары көпүрө жок болгонуна байланыштуу жаз, күз жана кыш айларында кыйналууда.
Кошбулактын «камчатка» аймагында кайрадан «Coal grupp» (Коал групп) ишканасы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жер талашуу маселеси чыкты.
Мен 1930 жылы 17- июнда Учкун айылында туулгамын. 7-классты окуп бүткөндө согуш чыкты. Согуштан азапты аябай эле көрдүк. Биз көргөндү силер көрбөй эле койгула.
Айыл түрө кыдырган тестиер балдар эшик каккылап «Улак берсең албаймын, убалына калбаймын. Акча берсен аламын, ак чөнтөккө саламын» деп үй ээлерин уялткан балдардын бирин кепке тарттык.
Аралбаев орто мектеби курулгандан бери капиталдык ремонттон өтпөгөндүктөн башталгыч класстарынын 12 мугалими жана мектеп завхозу, техкызматкерлери менен биргеликте «Жомоктор залын» оңдоону чечти.
Кошбулакта кичи футбол боюнча көмүр өндүрүүчү ишканалардын командаларынын ортосунда достук мелдешүүсү өткөрүлдү. Бул мелдешке көмүр өндүрүп жаткан 22 жоопкерчилиги чектелген коомдун ичинен 9 команда катышты.
Андарактын «Саркент» жайлоосуна кичи электростанция куруу каралууда. Кытайдан келген өкүлдөр абал менен 17-июнь күнү таанышып кетти.
Айылыбызга эң чоң пайдасы тийип жаткан эр-азаматтарыбыздын бири бул Айтбаев Нурланбек. Анын жыгач тилчү пилорамасы бар. Тургундардын үй, имарат, дүкөн жана башка көптөгөн нерселерди курууга керектелет.
Айылыбыздын ооруканасы долбоордун арты менен жаңы жайга көчүрүлүп, имараты жаңыланды.
Кошбулактагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (мурдагы поликлиника) үстүнкү кабаттагы батирлерден түшкөн суу каптады.
Жай мезгилинде турмуш-тиричиликте жашылча-жемиштер көбүрөк колдонулат. Айылдын тургундары Баетов айылындагы борбордук базардан соода-сатык кылышат.
Улуу Рамазан айында жеке Ишкер, шаардык Кеңештин депутаты Карабаев Исманали Джумабаевич өзү туулуп өскөн Элмуратов айылынын жамаатына мечит куруп берди.
Быйыл вакцинация кылууга мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнгөн эмес.мБирок ошого карабастан Ак-Талаа райондук ветеринария бөлүмүнүн адистери тарабынан койлорду күл, уйларды шарп, карасан ал эми иттерди жугуштуу кутурма, эхиноккоз ооруларына карата …
Чынара Добулбекова Таш-Көмүрдөгү шаардык китепкананын башчысы. Ал китепкананын башчысы болуп жакында эле дайындалды. Беш кишинин ичинен тандалып, башчы болду.
Мал доктурлук кесипти айымдар чанда тандашат. Бирок каарманыбыз Кубатова Айнура райондук дарт аныктоо борборунда экспертиза жана серология секторунда сектор башчысы болуп эмгектенет.
Бул бассейн жайгашкан жер тээ Совет доорундагы малкананын чөп жыйуучу жайы болгон. Кийин бул жерлер өкмөттүн карамагына өтүп, андан кийин Муратов Өмүрбек бул жайды ижарага алып бассейин курууну баштайт.
Сумбула айыл округунун Андарак айылында базардын ичинде чоң бир имарат курулду. Анын үстүнкү бети бильярд астыңкы бети чайкана болду. Бул жерде көбүнчө майрамдарда юбилейлерде аш кылып олтурушат.
Сумбула айыл округунун Андарак айылында эки спортзал бар. Бирок бул спортзалдын биринчиси эми гана мектептин спортзалы болуп курулду, экинчиси азыр ички жагы жараксыз абалда турат.
Айылдагы Сопиев орто мектебинин ашканасында гигиеналык тазалыкты сактоо үчүн ысык жана муздак суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Муну ЮНИСЕФ каржылаган.
Сумбула айылы аймагынын Сары-Дөбө айылындагы «Айданек» бала бакчасы балдарга жакшы тарбия берүүдө. Учурда бала бакчада 59 бала тарбия алууда. Жалпысынан бала бакча үчүн бир миллион сом каражат сарпталган.