Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Октябрь 2015

Кызыл-Булактагы жашоочулар пластик эшик-терезелерин орнотууда

Ак-Чал айылынын тургуну Нурбай уулу Мырсейт пластиктен эшик-терезелерди жасап киреше табат. Төрт жыл мурда Казакстанда бул иш менен алектенип келген. Кийинчирээк өзүнүн кичи мекенине келгенден кийин өзүнүн үйүндө чакан цех ачып,кайрадан ишин …

Кошбулак айылында балдар ойноочу аянтча ачылды

Кошбулак айылында 2015-жылдын 2-октябрь күнү  Деканова көчөсүндө «Нураман»балдар аянтчасынын  ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Сүлүктү шаарынын мэри А.А.Ибрагимов, коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышты.

Куланакта Алтын күз

Былтыркыга караганда күн жылуу болду. Күз келип айлана сары түскө бөлөндү.

Баетов: Мөмөдөн жасалган он килограмм мончок жана бел кур

Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-11-класстар аралык “Күмүш түстүү күз” сынагы өттү.

Тасмада “Диний экстремизм жана суицидге жол бербейли!” тегерек столу болду

Иш-чара Асан Сопиев атындагы мектебинин жыйын залында 5-11-класстын жалпы 187 окуучусу менен мугалимдер жааматы, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте болду.

Тасмада алгачкылардан болуп КМС алган спортчу

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айбек уулу Чыңгыз грек-рим күрөшү менен үч жылдан бери алектенип келет. Облустан биринчи орунду, республика жана Казакстандандан үчүнчү орунду ээлеп, …

Бакай-Ата: Ленин мектебинин ашканасында санитардык жабдыктар орнотулду

Ленин атындагы мектебинин ашканасына жаңы жабдуулар орнотулуп ишке берилди. Бул маалыматты кененирээк билиш үчүн мектеп ашканасынын башкы ашпоозчусу менен маектештик.  

Куланактын жаш кол өнөрчүлөрүнүн дүйнөсүнө сапар

Азыркы кезде Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн улан-кыздар жок эмес. Ошондой идеялары жана дүйнө таанымы менен жаңы нерсени ойлоп тапкан жаш айыл тургундары менен кыскача баяныбызды сунуштайбыз.

Облустук сынакка катышкан куланактык “Ак марал” бий тобу

Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Ак марал” бий тобунун уюшканына үч жыл болду. Топтогу жаш таланттар жана бийчилер даярдана турган класстык бөлмө жоктугунан даярданууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтат.

Куланак: Айылдык күрөшчүлөргө машыгуу залы керек

Буга чейин куланактык күрөшчүлөр жана алардын жетишкендиктери тууралуу макалаларыбызда токтолгон элек. Азыр айылдык спортчулар кандай шарттарда машыгып жатканы менен дагы бир жолу таанышып көрүүнү чечтик.

Куланакта таза суу үзгүлтүккө учурады

Нарын районуна караштуу Куланак айылында таза суу төрт күнгө токтотулду. Айылдын суу башчысынын айтымында, суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыгып калган.

Баетовдо аз камсыз үй-бүлөнүн балдарына окуучулук формалар берилди

Баетов айыл аймагы тарабынан беш окуучулук форма жана 25 окуучуга бут кийимдер сатылып берилди. Үч орто мектептеги социалдык педагогдор аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдардын кийимдеринин өлчөмүн тактап беришкен. Окуучулук форма жергиликтүү сатуучулар …

Бветовдо баңгиликти алдын алуу максатында спорттук мелдеш өттү

Өспүрүмдөр арасында баңгиликтин алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.

Тасма: Окуучулар жазгы спорттук Манасиядага даярданууда

Сопиев орто мектебинде жылына болуучу жазгы спорттук Манасиядага даярдыктар жүрүп жатат. Былтыр мектептин спортсмендери аймактан 2-орун болсо, быйыл 1-орунга жетишебиз деген үмүттө.

Бакай-Атада бирдиктүү мектеп формасы чечилбей калууда

Көптөн бери чечилбей келе жаткан бирдиктүү мектеп формасы ата-энелерге кыйынчылык алып келип жатат. Анткени бирдиктүү форма Бакай-Атадагы Ленин орто мектебинде ата-энелердин каршылыгынан улам кабыл алынбай калган.  

Үч-Коргондо “Улуттар достугу” фестивалы болду

Бул фестивалда Үч-Коргон айыл аймагындагы төрт мектеп — Пушкин,  Айни,  Дружба жана Манас Ата орто мектептери катышып, төрт улуттун каада салттарын жана үрп-адаттарын чагылдырышты.

Куланак: Аралбаев орто мектебинде он “Эл агартуунун отличниги” мугалим эмгектенет

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Эл агартуунун отличниги” наамын алган 13 эже-агайдын ичинен үчү ардактуу эс алууда болсо, калгандары мектепте эмгектенүүдө. Бул макалабызда алардын бири Осмонбек Өмүралиев …

Тасмада пенсия көбөйүүдө

Түп районуна караштуу Тасма айылында пенсия көбөйүүдө. Бирок  пенсия алуучулар дагы деле нааразычылыктарын билдирди.

Тасма: Акмарал конушунан билим алуу үчүн төрт чакырымды басып өтүү

Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын чет жагында Акмарал конушу жайгашкан. Бул жерден мектепке чейинки аралык төрт километр. Ага карабастан окуучулар барып келип окушат.

Тасманын кадырлуу карыясы Асанакун ата

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Асанакун Дүйшөбаев учурда 79 жашта. Жашы улгайганына карабай баскан-турганы, сүйлөгөнү тың дешет айыл тургундары. 

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...