Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Октябрь 2015

Токтояндын тургуну жеңил унааны жүк ташуучу машинага айландырды

Айыл тургуну Кудайберген Абдылдаев волга үлгүсүндөгү жеңил авто унаны жүк ташуучу унага айландырды. Кайра жасалган жаңы унааны айыл тургурдары ар кандай жүктөрдү ташуу үчүн кызматын колдонуп жатышат.

Баетовдо күз майрамы белгиленди

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз майрамы” белгиленип, ага 5-7-класстын окуучулары катышты.

Баетовдо окуучулар медициналык кароодон өтүштү

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар багыттагы адистери белгиленген график боюнча райондогу 17 мектептин окуучуларын кезектеги медициналык кароодон өткөрүштү.

Баетовдо эл мугалимине арналган көргөзмө болду

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракесине карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө сүрөттөр, дубал гезиттер жана окуучулардын дилбаяндары коюлган.

Баетовдо эл мугалими эл менен жолугушту

15 жыл бою агартуу министри болуп иштеген М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп-өскөн жеринде салтанат менен белгиленди. Ага райондун жетекчилиги, мекеме жетекчилери, агартуу кызматкерлери жана окуучулар катышты.

Баетовдо дарыгерлер окуудан өтүштү

Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык адистери атайын үч күндүк окуудан өтүштү.

Токтоян айылынын тургундары бирдиктүү мектеп формасына каршы

Мурдатан келе жаткан форма фартукка көнүп калган Токтоян айылынын элдери жаңы формага көз караштары башкача. Форманын чыкканы жакшы, бирок бааларынын кымбаттыгы карапайым элди тынчсыздандырып жатканын айтышат.

Мен кесипти кантип тандадым?

Азыркы маалымат доорунда болочок кесипти таңдоодо жардамга келчү булактар миңдеп саналат.Жөндөм,шыкты өнүктүрө турган окууга барасыңбы,же маселени ата-эне, туугандар чечишеби?Кыргызстанда кайсы кесип ээлерине талап күчтүү,канткенде болосок диплом өзүнө да,коомго да пайда …

Токтоян: Мектепте окуучулар үчүн китептер жетишсиз

Ашырбай Коёнкөзов мектебинде окуучулардын саны 215 болсо, алардын бардыгына китептер толугу менен жетишсиз.

Токтоян: Коёнкөзов мектебинде химия мугалими жетишсиз

Түп районундагы Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагынан берген мугалим жок болгондуктан, мектеп директору, математик Калык Албанов кошумча кылып химия сабагынан берет. Мындан улам мектеп окуучулары жетишээрлик …

Тасма айылында алтын күз

Күз мезгили келип Тасма айылы быйыл өзгөчө кооздукка бөлөнүүдө. Жылдагыдан айырмаланып быйыл күн жылуу болуп, эгиндер мол болду, дейт айыл тургуну Майрамкүл Ысмагулова.

Тасмада башталгыч класстын мугалими министрден ардак грамота алды

  Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими  болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.

Тасманын Умай энеси Кекил Ишенбаева

Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.

Бакай-Ата: Ыктыярчы Асан жана Үсөн

«Бакай-Ата» жааматтык мультимедиа борборунда азыркы маалда беш ыктыярчы эмгектенүүдө. Алардын ичинде эң активдүүлөрү эгиздер Асан жана Үсөн Сүйүтбековдор.

Үч-Коргондогу тивиттер кабар түйүнү кайрадан жанданды

Үч-Коргондогу твиттер кабар түйүнү жаш журналистер демилгеси менен кайрадан жанданды

Тасмада түшүм майрамы болуп өттү

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Жыл сайын күздө майрамдалуучу бул күн быйыл салыштырмалуу өзгөчө болду дешүүдө тургундар.

Бакай-Атада окуучуларга бут кийим таркатылууда

Бакай-ата айылынын Ленин орто мектебинде азыркы маалда 1-класстан  11-класстын окуучуларына макас таркатылууда. Бул бут кийим таркатылганына окуучулар кубанууда.

Тасмада окуучуларга китеп жетишпей жатат

Түп районунун Тасма айылдагы Асан Сопиев мектебинде окуучуларга китеп жетишпей келүүдө. Ата-энелер балдарына китеп жетпегенине нааразы болушууда. Мектеп китепканачысынын билдирүүсүндө, башка мектептерге салыштырмалуу 70% китеп менен камсыз болгон.

Куланакта мугалимдер күнү белгиленди

Бир жылда бир келүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде таң эрте салтанат менен башталды.

Куланак: “Жогорку билимдүүмүн, өз кесибим менен эмгектене элекмин”.

Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган …

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...