Кыш жакындап кар жааганына карабай табийгый шарты катаал болгон Кошбулак аймактык башкармалыгында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин «Өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу иш-чаралары» долбоору ишин баштады.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундарынын кышка даярдануусу тууралуу айтып бермекчибиз. Кара-суулуктар кышка жакшы даярдык көргөнүн айтышты.
Бул тууралуу Бирдик орто мектебинин тарбия заучу Мусалиева Наргиза билдирди. Айта кетсек бул ишембилик аталган орто мектеп түптөлгөндөн бери, жаз жана күз айларында өткөрүлөт. Быйылкы жылы мектептин айланасын тазалоо иштери …
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 8,9,11-класстарына кесипти туура тандоо боюнча тренинг өтүлдү.
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Бурулуш Асаналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал кездемелерден курак курап, оюу салып, жер төшөк жана жаздыкчаларды жасайт.
Сүлүктү шаардык ооруукананын №1-поликлиникасынын жолуна асфальт төшөлүп жатат.»Биздин көктөн күткөнүбүз жерден табылды. Эми бул жол Элге көп жыл кызмат кылсын. Баарыбыз кубанып калдык. Шаар жетекчилерине чоң ыракмат»-дейт башкы дарыгер Асат …
Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …
Түп районунун Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин мугалими Ороз Саадабаев география сабагынан 34 жылдан бери эмгектенип келет. Бул тармакта ийгиликтерди жаратып «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты.
Фейсбук тармагынын колдонуучусу өзүнүн барагына “I like to move it” ырына бийлеп жаткан адамдардын видеосун жүктөгөн. Анда жаш курагына карабастан өзгөчөлөнүп бийлеп жаткан кары кишини көрүүгө болот. Kloop.kgнин кабарчылары видеонун …
Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду. Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.
Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Ооган-Талаанын тургуну Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.
Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17 мектепке АРИС программасынын жардамы менен спорттук зал курулду. Эми окуучулар спорттук оюндарды залда өткөрүүдө.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абжапарова Чынаргүлгө өлкөнүн ар тарабынан эмдөөдөн өтүү үчүн келишет. Бул эмдөө урук уулочу болуп, ага таенесинен өткөн.
Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.
Ак-Талаа районундагы орто мектептердеги окуучулардын тамактануусунун санитардык гигиеналык абалын кезектеги текшерүүдө айрым ашканалары талапка жооп берген жок.
Баевтов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер үчүн окуу өткөрүлдү. Окууда сабактын жаңы үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.