Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Февраль 2016

Кара-Суу: Тамекинин кандай зыяны бар?

Коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет. Бирок ошого карабастан тамеки чеккендер көп. Тамекинин зыяндуулугу жөнүндө кененирээк маалыматты айылдын фельдшери Венера Турсуналиевадан алсак.

Экономикалык каатчылыктан чыгуу программасы качан кабыл алынат?

( сүрөттө А. Халбеков) Сүлүктү шаарынын аймагы боюнча 2016-жылы экономикалык каатчылык болуусу мүмкүн. Бул жагдай өндүрүгөн көмүрдүн баасы кескин төмөндөп кетишинен жана кардарлардын жоктугунан улам пайда болгону бүгүн өткөрүлгөн  шаардын …

Окуучулардын ден соолугун сактоо долбоору боюнча окуу өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун аймагындагы 18 орто мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулары үчүн ден соолук комитетинде атайын окуу өттү. Окуу Кыргыз-Швед саламаттыкты сактоо долбоору тарабынан каржыланып, окуучу балдардын ден соолугун …

Баетов айылынын босогосу заманбап үлгүдө жаңыртылат

Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп саналат. Айылда 9 миңге жакын түтүн калк жашайт. Жакында мына ушул айылдын босогосу — кире бериш жолдун эки тарабы жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап үлгүдөгү …

Баетов: Предметтик олимпиада жыйынтыкталып, облуска жолдомолор берилди

Ак-Талаа районундагы орто мектептин окуучулары арасында предметтик олимпиада жыйынтыкталды. Ага райондун 18 орто мектептеринин 200гө жакын алдыңкы окуучулары 10  предмет боюнча өз билимдерин сынашты.

Андаракта балбандар көбөйөт

Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.

Баетовдун алдыңкы мугалиминин ардактуу жолу

Ак-Талаа районунун тургуну  Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими, көптөгөн сыйлыктардын ээси, билим берүүнүн мыктысы Айна Осмонова жыл жыйынтыгы менен Нарын облусунун “Ардактуу атуул” наамына татыды.

Тасмада муз аянтчасы кызмат кылууда

Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.

“Маданият жана тарых” жылына карата райондук сынакка тандоо туру Тасмада болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты. 

Куу-Майдан: Айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.

Баетов: Мезгилдүү оору менен жабыркагандар ооруканада кезек күтүшүүдө

Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү  улгайган адамдар жана жаш балдар.

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...