Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Март 2016

Райондук олимпиадада окуучулар жеңишке жетишишти

2-мартта болуп өткөн «Аялуу жан сыры айтылат, бир гана эне тилинде» аттуу райондук олимпиадада  Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин окуучулары ийгиликтерди багынтышты. Бул тууралуу аталган орто мектептин кыргыз тили жана …

Тасма айылында ак калпак күнүн белгиленди

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 5-март ак калпак күнү белгиленди. Бул күндө мектеп окуучуларынын мырзалары ак калпак кийишип ак калпак күнүн өткөрүштү.

Лейлек: Райондук волейбол мелдеши болду

Бүгүн Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун окуучулар арасында волейбол мелдеши болуп өттү. Анда жалпы он команда таймашты.

Андарак: Манас мектебинде Аялзат аттуу концерттик иш чара болуп өттү

Лейлек районунун Сумбула айыл округунун Манас орто мектебинде бүгүн бүткүл аялзатын куттуктап концерттик кутуктоо програмасы болуп өттү. Бул майрамдык кечеге мектеп окуучулары жана мектеп жамааты катышышты.

Ооган-Талаада башталгыч классынын окучулары 8-мартка карата концерт коюшту

№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.

Ооган-Талаада окучулар 5-март ак калпак күнүн белгилешти

Ооган-Талаа айылындагы №17- С.Далбаев мектебинин 7-8-класстар арасында 5-март ак калпак күнүнө карата ыр кесе болуп өттү. Окучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Ооган-Талаада окучулар тазалык күнүн өткөрүштү

№17 мектептин окучулары көптөн бери күткөн жаздын келгенине байланышту тазалык күнүн өткөрүштү. Окучулар тазалык күнүндө мектепти жана айланасын тазалашты.

Жал айылында пенаблок чыгарган мекеме иштөөдө [+сүрөт]

Жал айылында пенаблок чыгаруучу заводду ишкер Кожомгелдиев Нурлан башкарат. Ал заводун ачылганына болжол менен бир жыл болду.

Ооган-Талаа: Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду

Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду. Аянтты оңдоого окучулар да жардам беришти.

Токтоян: Айылдагы санариптик кошулма.

Токтоян айылынын тургундары санариттик кошулмага ѳтүшүүдѳ.Алар бул кошулмага ѳздѳрүнүн кѳз караштарын билдирүүдѳ.Бул кошулма чыкканына аз убакыт болсо да Токтоян айылынын кѳбү санариптик  кошулма менен камсыз болуп калышты.   Токтоян айылынын …

Жал: Р.Мамыралиев мектебинде майрамдык кече өткөрүлдү [+сүрөт]

Бүгүнкү майрамдык кече аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата болду. Концерттик программаны мектептин чоң залында уюштурулду. Ага карата мектептин окуучулары ыр, бий  тамашаларын даярдап келишкен.

Лейлекте дан эгүү иши аяктады

Жаздын эрте келгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн буйрутмасы менен айыл жергесинде иш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн орун басары Сайпидин Омурзаковдон маалымат алдык.

Анадарак: Жөлөкпул алабыз дегендер көбөйүүдө

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жөлөкпул алабыз дегендер көп болууда. Социалдык коргоо боюнча адис учурда айылда 75 адам жөлөкпул алаарын айтты.

Андарак: Милиция бөлүмчөсүндө техникалык жабдуулар жетишпейт

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүндө компьютер жана унаа жоктугун айтат. Ачылганына беш жыл болсо, андан бери бир компьютер келип, ал да учурда бузулганын билдирүүдө кызматкерлер.

Тасмага Ринат аттуу балбан өнөрүн тартуулап, концерттин койду

    Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына Ринат Тулөбаев “өз элимден бата аламын” аттуу концертин тартуулады. Концертти ырчылар коштоп, Ринат балбан өзүнүн өнөрүн ар кандай ыкмаларды жасап көрсөттү. 

Жалда Рүстөмбек Мамыралиевдин 90 жылдыгы белгиленди [+сүрөт]

Бүгүн Жал айылынын гимназия мектебинде көп жылдар бою тарых мугалими жана мектеп директору болгон Р. Мамыралиевдин 90 жылдыгы белгиленди. Бул мектеп анын атын алып жүргөнүнө 13 жыл болду.

Тасмага Ринат аттуу балбан өнөрүн тартуулап, концертин койду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына Ринат Тулөбаев “Өз элимден бата аламын” аттуу концертин тартуулады. Концертти ырчылар коштоп, Ринат балбан өзүнүн өнөрүн ар кандай ыкмаларды жасап көрсөттү. 

Бакай-Атада окуучулар арасында улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү

Окуучардын арасындагы каада-салт жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөгө 8-11-класстын окуучулары катыша алышты.

Мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынууда

Ушул жылдын сентябрь айынан баштап телефондорду алып келбөө келишимине кол коюла баштаган.

Ак калпак күнүнө карата окуучулар арасында жүрүш болуп өттү

Терек-Суу айылында окуучулар арасында жүрүш болуп өттү. Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи болуп жаткандыктан окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып базышты.

Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...