Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Апрель 2016

Учкун: Быйыл аткарылуучу иштер тууралуу жалпы жыйналыш болду

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жалпы элдик жыйналыш болуп өттү. Аталган жыйналышта багылуучу малдын баалары, жайлоо маселеси жана жер айдоо, суу маселелери каралды. Жыйналыш Чоро Кожомжаров атындагы маданий үйүндө өткөрүлдү.

Сүрөт: Ооган-Талаада алиппе майрамы болду

Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.

Ооган-Талаада мектептин спорт аянтчасынын айланасы тосулууда

Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.

Баетов: Мектепте космонавтика күнү белгиленди

Адам баласы алгачкы жолу космоско учкан жылдан бери 55 жыл өттү. Мына ушуга байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 12-апрель космонавтика күнү белгиленди.

Баетов: Мугалимдердин райондук сынагы жеңүүчүлөрдү аныктады

Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак эки айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери үч тапшырма боюнча күч сынашты.

Кызыл-Суу: Ийгиликтин эрте-кечи жок деген 69 жаштагы акын Салкын Нуркулова

Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада …

Куланакта «Айыл ажары» сулуулар сынагы болду

Куланак айылында 8-апрель күнү «Айыл ажары» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10-класстын окуучу кыздары катышып, 9-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева жеңүүчү аталды.

Учкунда «Айыл ажары» сулуулар сынагы болуп өттү

Учкун айылында Нарын районунун «Аракет» тобу уюштурган сынак болду. Аталган топ сегиз айылга барып сулуулар конкурсун уюштурушат.

Акатов Дастан республикалык олимпиадага жолдомо алды

2016-жылдын 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси менен бирдикте уюштурган алтынчы класстар арасындагы областтык олимпиадага Кара-Талаа айылынын Болот Алаков орто мектебинин …

Куланак: Айыл өкмөтүндө жалпы элдик чогулуш болуп өттү

Куланак, Учкун айылдарынын тургундары жана Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышкан жалпы элдик чогулуш Куланак айылынын клубунда болду. Анда көчүп конуу, корук, суу маселелери каралды.

Видео: Майыптыгы бар кыргызстандык 12 жашынан бери ыр жазып келет

Ош облусунун Кызыл-Булак айылында жашаган Алмакан Таштемирова жарык дүйнөгө келгенден бери I топтогу майып. Бирок ага карабастан ал 12 жашынан бери ыр жазып, алары түрдүү гезит беттерине басылып келет. Эки …

Могол айыл аймагында элдик жыйын болду

Жыйынга Базар-Коргон районунун акими катышты. Могол айыл аймагынын тургундары өз суроосуна жооп алышты. 2015- жылдын жыйынтыгына карата мыктылар грамота алды.

Ооган-Талаа: Окуучулар менен космоско саякат

12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.

Тасма: Мектептин айланасына көчөттөр отургузулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди. 

Телман айылында көпүрө курулду

Ноокат районунун Телман айылында эки элди достоштуруп туруучу көпүрө курулду. Ал үчүн айыл тургундары долбоор жазышкан.

Учкундук окуучу “Жоокер ыры” республикалык сынагына жолдомо алды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Мукамбет уулу “Жоокер ыры” сынагынын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биринчи орун ээледи. Аталган сынакта “Патриоттук ырлар”, “Жоокер ыры”, …

Учкун: Окуучулар облустук “Манас таануу” таймашында 3-орунду ээледи

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин “Нур баян” тобу Нарын облустук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ мектептин 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.

Ооган-Талаа: Мектепте ата-энелер үчүн ачык эшик жумалыгы болуп өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.

Куу-Майдан: Көтөрмө айылында кесиптик лицей ачылды

Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.

Куу-Майдан: Көтөрмө айылында жаңы ашкана ачылды

Ноокат районун Көтөрмө айылында «Элболсун» деген аталышта жаңы ашкана ачылды. Жетекчиси Тынчтыкбек Рахимбердиевдин айтымында, азырынча кардарлардан эч кандай арыз доомат түшө элек.

Шейшемби
16 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...