Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Май 2016

Бакай-Ата: 9-май жеңиш күнүнө карата парад болуп өттү

Бакай-Ата районундага Жоломан атандагы эс алуу багында 9-май жеңиш күнүнө карата эскерүү болуп өттү. Эскерүүгө окуучулар, мугалимдер жана ардагерлер катышып кетти.

Этноботаникалык бакчадагы жаз

Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин «Жаш натуралист» ийриминин карамагындагы этботаникалык бакчада өсүмдүктөр гүлдөөдө.

Кызыл-Туу айылында жамааттык мультимедиа борбор ачылды

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жааматтык мультимедиалык борбору ачылды. Борборго жергиликтүү калк Көнөк баатырдын ысымын ыйгарышты.

Айыл фронтовиктери: Иса Алиев

Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен сиздерге улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эр жүрөк Кара-Суу айылынын кулуну Алиев Иса тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты ардагер чоң атабыздын кичүү баласы Алиев Алмаздан алсак.

Айыл фронтовиктери: Жамгырчиев Салый

Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен бүгүн биз сиздерге Салый Жамгырчиев тууралуу айтып бермекчибиз.

Айыл фронтовиктери: Макеев Молдобек

Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын фронтовиктери тууралуу айтып бермекчибиз. Айылыбыздын фронтовиктеринин бири улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Макеев Молдобек тууралуу маалыматты баласы Молдобеков Эсенбектен алдык.

Кара-Сууда кант кызылчасы айдала баштады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаз келээри менен кант кызылчасы айдалат. Айыл тургундарына суроо узатып, быйылкы сезондун башталышы тууралуу ойлорун билип көрдүк.

Бакай-Ата айылында жол маселеси көйгөйлүү болуда

Бакай-Ата айылынын тургундары жол көйгөйү бар экенин биздин радиого билдиришкен. Бул тууралуу жергиликтүү айыл өкмөт башчысы Мирлан Исабековдон маалымат алдык.

Андарак: Манас орто мектебинде лейлек күрөшү болду

Бүгүн Манас атындагы орто мектебинде улуу жеңиштин 71 жылдыгына карата кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү.

Куланакта окуучулар биологиялык аянтчага жер-жемиш айдашты

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде 27-апрель күнү окуучулар мектептин биологиялык аянтчасына жер-жемиштерди айдашты. Буга 8-9-класстын окуучулары катышышты.

Куланак: Таштанды маселеси тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

“Куланакта таштандылар көбөйүп жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок” дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Учкун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Айзат Жунушалиева менен маек …

Ооган-Талаада 2017-жылы жаңы балдар бакчасы курулмакчы

Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты. 

Сүрөт: Жал айылындагы мамлекеттик асыл тукум мекемеси

Сокулук районундагы Жал айылында асыл тукум элита мекемеси совет доорунан бери иштеп келет. Аталган мекеме суюк азот жана урук чыгарат.

Сурамжылоо: Конституция күнү тууралуу эмнелерди билесиз?

5-май — Кыргыз Конституциясынын күнү — майрам күн. Конституция деген эмне? Биздин конституция качан кабыл алынган? Мына ушулар тууралуу Кара-Суу айылынын мугалимдерине жана айыл тургундарына суроо узаттык.

10 жылдыктардын үлгү болоорлук иштери

  Бүгүн 03-май 2016- жылы Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7- орто мектебинин 2006-жылгы бүтүрүүчүлөрү Абалбеков Курбанбек, Момунов Түгөл, Исманалиев Бакытбек, Раимкулов Сулайман жана Табалдиев Каныбектердин өз мектебин сагынып, 10 …

“Алиппе” майрамы белгиленди

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 1-класстын окуучуларынын Алиппе майрамы өттү. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге тартуулашты.

Баетовдо окуучулар арасында «Чыңгыз жана Мен» дилбаяндар сынагы өттү

Ак-Талаа районунун аймагындагы орто мектептердин 10-классынын окуучулары арасында Чыңгыз Айтматовду таанытуу, чыгармаларын даңазалоо, маанисин аңдап-түшүнүү максатында дилбаяндар сынагы болуп өттү. Ага жалпы 39 окуучу катышып, “Чыңгыз жана Мен”  деген темада 60 …

Кара-Суу: Мургабдан келген кайрылман менен маек

Жайыл районунун Алексеевка айылында Тажикстандын Мургаб районунан келген кыргыздар жашайт. Алардын бири89 жаштагы Дөңкөбай Эгемкулов менен маекти сунуштайбыз. 

Смартфон үчүн экинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (ноябрь 2015 — апрель 2016) аралыгында сынак үчүн …

Андарак: Мектепте ишембилик болду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде ишембилик болду. Ага Манас орто мектебинин 7-10-класстын окуучулары катышты.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...