Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Май 2016

Андаракта «Кулкунек» булагынын айланасы тосулду

Бул мезгилге чейин “Кулкунек” булагынын айланасы сел ташкыны астында калып, ыңгайсыз шарттарга кабылып тосулбай келген. Ага кыргыз жана тажик улутундагы биргелешкен ак сакалдар кеңеши өз каражаттарын жумшады.

Лейлекте республикалык деңгээлдеги айтыш болуп өттү

Лейлек районунун Төө жайлоосунда 28-май күнү жалпы республикалык төкмө акындар арасында айтыш болду. Айтышка жалпысынан жыйырма төкмө акын катышты.

Тасма: Тигүүчүлүк менен алектенген Сагынай Осмонакунова

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова тигүүчүлүк менен алектенип келет. Осмонакунова тиккен кийимдерин айылдагы дүкөнгө коюп өткөзөт.

Үгүт: Терезеде өскөн көк чөптөр

Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде тамак-ашка кошулуучу  витаминдүү көк чөптөр атайын карапаларда өстүрүлөт.

Үлгү алса болот Үгүттөн

Үгүт айылындагы М. Баетов атындагы орто мектебинде окуучулардын ысык тамагы үчүн көмөкчү чарба түзүлгөн. Тактап айтканда 30 сотых жерде жашылча жемиштин дээрлик көп түрүн: капуста, кызылча, сабиз, ашкабак, баклажан өстүрүшөт.

Куланак: Мектепте бүтүрүү кечеси болуп өттү

Абдылда Аралбаев мектебинде бүтүрүү кечеси менен биргеликте мындан 50 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси болуп өттү.

Ооган-Талаа айылындагы ФАП оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы көп жылдан бери иштеп келе жаткан фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) оңдолуудан өттү. Учурда айыл тургундары коркунучсуз дарыланууда.

Барскоон: Акыркы коӊгуроо

27-май…Акыркы коӊгуроо…Кээ бирөөлөр класстан-класска бир тепкич көтөрүлсө,айрымдар ак мектеби менен коштошуп ,уядан учкан куштай турмуш деген чон ааламды көздөй бет алышат.

Бакай-Ата: Манас көчөсүндөгү көпүрө жаңыртылууда

Бакай-Ата айылында жолдорду оңдоп-түзөө маселеси козголуп эски көпүрөнү жаңыртышууда. Көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) каржылоодо.

Үч-Коргондо сел коркунучу жаралып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

27-майда катуу жааган жамгырдан улам, Кадамжай районунун айрым айылдарында сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар катталды. Мындан улам Үч-Коргон айыл аймагынын аймагында да өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бүтүрүүчүлөр мектепке спорттук каражаттарды белек кылышты

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 2005-2006-окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектебине спорттук кийим жана волейбол, футбол оюндары үчүн топторду белекке беришти.

Баетовдо акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын, 10-20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленди.

Бакай-Ата: Кош бол мектебим

Бакай-Атадагы №1 Ленин орто мектебинин акыркы коңгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-класстын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

Баетовдо 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке автоунаа белек кылышты

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына мектепти 1995-1996-окуу жылында бүтүп кеткендер да катышты. Өз сөздөрүндө окуп кеткен мектебине, билим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

Бүтүрүүчүлөрдүн салтанатында Ак-Талаанын акими жубайы экөө коңгуроо какты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат өзгөчө маанай менен башталды. Мектеп директору Ч. Рысбаеванын расмий сөзүнөн кийин 20 жана 10 жыл мурда бүтүп кеткен ага-эжелердин атынан Коңгуроо добушу …

Бакай-Атада Добр менен Руслан Абыловдун концерти болду

Бакай-Ата айылында Добр менен Руслан Абыловдун концерти өттү. Бул концертти коштоп Бакай-Ата KG тамашоу командасы дагы катыша алышты.

Куу-Майдан: Нышанов мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.

Терек-Суу: Турусбек мектебинде акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.

Андарактагы жалгыз согуш ардагери Пусурманкул Рыскулов

Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.

Кара-Чий: Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кара-Чийдин» төрагасы катышып келди

2016-жыдын 21-майында Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кар-Чийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов катышып келди.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...