Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Май 2016

БУУнун өкүлдөрү Үч-Коргондо жаштар маселесин талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлдөрү Урманбетова Зарина жана Аида Тынычбекова Үч-Коргон айылынын улуу муундагы өкүлдөрү менен маек курду. Маекте жалаң гана жаштардын маселелери жана көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу пикир алмашышты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тренинг болуп өттү

14-май күнү Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстар үчүн тренинг болуп өттү.

Сары-Дөбө орто мектебинде «Энелер күнү» белгиленди

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 21-май күнү “Энелерди сыйлайлы” деген темада 1-класстар тарабынан сынак-конкурс болуп өттү. Cалтанатта окуучулар энелерине ар кандай концерттик программаларын тартуулашты.

Андаракта спорт залдын курулушу уланууда

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Андарак 2 атындагы орто мектебинин спорт залын куруу иштери 2015-жылы малекеттин каржылоосу менен башталган. Учурда жумуштар уланып, жаңы окуу жылына чейин спорт зал толугу …

Андарак: Биринчи сынактын жыйынтыгы чыкты

«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Амантур Ганыев аталган борбордун тренери Камбар Асан уулу уюштурган сынакта жеңүүчү болуп, смартфонго ээ болду. Жеңүүчүгө сыйлыкты Клооп медианын координатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.

Андаракта балдар сүннөткө 24-май күнү отургузулат

“Бүткүл дүйнөлүк Балдардын укугун коргоо” күнүнө карата 2016-жылдын 24-майында Исфана шаарында өткөрүлүүчү “Сүннөткө отургузуу” аземине баруучу  аз камсыз болгон жана сүннөткө отургузууга муктаж болгон балдардын тизмеси төмөнкүдөй.

Андарак: Жол чырактар качан күйөт?

Лейлек районундагы Андарак айылында 2014-жылы коюлган жол чырактар бүгүнкү күндө иштебей турат. Иштебегенин себеби алардын лампалары жараксыз болуп калган.

Жер көчкү коркунучу күчөп жатат

22.05.2016-жылы жааган катуу жамгырдан улам Кошбулактын кун батыш жагындагы «эски жер кочку» кайрадан жанданып 2-2,5 метр арылакка жылган. Натыжада борбордук суу тутугу авярияга учураган.

Андарак: Мектепте бүтүрүүчүлөргө арналган от оюну майрамдалды

Лейлек ройонунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде 19-май күнү от оюну майрамдалды. Бул бүтүрүучүлөргө арналып жагылган отту воллейбол боюнча республикалык спартакиаданын катышуучусу Акылбек Айтбаев жана 11-классынын мыкты окуучусу Кундузай Валламова жакты.

Чоң-Тогузбай айылында айдоо-себүү иштери аяктады

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.

Чоң-Тогузбай айылында баскетбол боюнча мелдеште Тасма курамасы биринчи болду

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга …

Барскоон: Айыл тургундарына доллардын тийгизген таасири

Доллардын курсунун бат- баттан өзгөрүп туруусу жергиликтүү ишкерлерге жана айыл тургундарына залалын тийгизүүдө. Кээ бири чыгымдарга учурап, азабын да тартып жатышууда.  Азыркы учурда доллардын курсу ылдыйлап болжол менен 68 сомду …

Тасмадагы ФАО уюмунун өсүмдүктөрү менен чет өлкөлүк өкүлдөр таанышты

Түп районунун Тасма айылында ФАО “Жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан жумушчулар менен чет өлкөдөн келген атайын жарандар таанышууда.

Тасмада жол маселеси качан чечилет?

Түп районунун Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар. Айылдагы ички көчөлөр оңдолбой маселе жаратып жаткандыгын билдирет айыл тургундары. Бирок бул маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, акыркы үч жылдан бери …

Чкалов айылы таза суу менен камсыз болду

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу биз айыл башчы Полот Табалдиев менен маек курдук.

Чкалов айылында сел жүрүп көпүрө экиге бөлүнүп калды

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылындагы көпүрө сел болгонуна байланыштуу тең экиге бөлүнүп калды. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ооган-Талаада сел жүрүп сугат суусу келген арыктар тосулуп калды

«Ооган-Талаа айылына сугат суу жетишпей жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу айыл башчы Муктар Дөлдөев менен маек курдук.

Бир-Май айылында жаңы ФАП курулду

Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар болгонуна байланыштуу жаңы ФАП курулду. Учурда мекеме айыл тургундарынын кызматында.

Бир-Май: Айылдагы бала-бакча кайрадан иштей баштадыбы?

Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы бала-бакча кайрадан иштей баштады. Биз бул маселе тууралуу 21-жеткинчек бала-бакчасынын директору Мавлюда Бабанова менен маек курдук.

Тасма: Тамекинин зыяндуу жактары жөнүндө тарбиялык саат болуп өттү

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 7-а классынын күчү менен  даярдалган тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү.

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...