Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Июль 2016

Көл аймагында өрүк сезону башталды

Кара-Талаа айылына абрикос сатып алуучулар келишип элден түшүмдөрүн алышууда. Ушул тууралуу айыл башы Ашымов Тынчтыкбек агабыздан сураганыбызда абрикос алуучулар жана продукциянын  сапаты  тууралуу кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага кызыктуу маек куруп берди: …

Чоң бет кичи жайлоосу эс алуучуларды өзүнө тартууда

Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.

Ишкер айым элдин тазалыгын камсыз кылууда

Бүгүнкү каарманыбыз Ырыс Алиаскарова айылдык ден соолук комитетинде иштеп жүрүп, Швейцариянын каржылоосу менен долбоор жазып, мончо куруу идеясын ишке ашырган. Бүгүнкү күнгө чейин ал ушул мончону иштетип, айыл элинин тазалыгын …

Үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдалануу ийгиликке алып келет

Азыркы учурда көпчүлүк үй-бүлөлөр бюджетин туура пландай албай, ар кандай көйгөйлөргө туш болууда. Мисалы, карызга батып же бир ишти баштоо үчүн каражат таба албай калышууда. Бирок ошол эле учурда үй-бүлөдө …

Ишкер айым Розухан Нарматова

Бүгүнкү биздин каарманыбыз ишкер айым Розухан Нарматова 1 жылдан бери айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылат. Айыл өкмөтү тарабынан ачылган ашканада түрдүү тамак-аштарды жасап эмгек кылат.

Тасмада мектеп терезелери пластиктелет

Буга чейин Тасма айылындаг Асан Сопиев мектебинин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “Нур FM” ЖМБнын  кабарчылары жазып чыккан эле. Андан соң мектептин эски, иштен чыккан терезелерин жаңы пластик терезге алмаштыруу …

Токтоян: Мектепте ремонт иштери аяктап калды

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.

Токтоянга жүн тытуучу аппарат келди

Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин  сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, …

Борбордук Азияда алгачкы жолу көп улуттун жаштарын бириктирген форум болуп өттү

Борбордук Азияда ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулган «Жаш Булак билим беруу жана тажрыйба алмашуу» форуму 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштардын катышуусунда өткөрүлдү. Форумда Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер катышышты.

Токтоянда жайкы эс алуу кандай өтүүдө?

Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.

Туристтерге кызмат кылып каражат тапкан үй-бүлө

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Рая Кадыркулова менен жолдошу Нурлан 9 жылдан бери эң кооз Кошой-Конуш чөлкөмүндө 4 боз үй тигип, туристтерге кызмат көрсөтүшөт.

Баетов: Ишкердиктин жаңы түрү элдин кызматында

Учурда ишкерликти эңсегендер же өз алдынча иш жасоого кызыккан жаштардын катары көбөйдү. Көпчүлүгү ишкерликтин көнүмүш түрлөрү менен алектенсе, айрымдары жаңы демилге менен кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүн сунуш кылышууда.

Жаш ишкер Мырсейит Нурбай уулу

Азыркы учурда жаштардын  ар кандай ишмердүүлүк менен алек болгону баарыбызга маалым. Жаш болсо да акча табуунун ачуу таттуусун кыйынчылыгына чыдап ийгиликтерге жетишкендери да жок эмес.

Барскоон: Жергиликтуу ишкер айым Майрам Чекирова

Учурда туризимдин кайнап жаткан учуру. Ар касы жактан туристердин агымы көбөйүп жатат. Мына ушул себептерден айыл жеринде конок үйлөргө муктаждыктар да чоң.

Жергиликтүү ишкер айымдар ийгиликке жетишүүдө

Айылдагы ишкер айымдар. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Суусамыр айылынын тургуну ишкер айым Эльмира Такырбашева.Ал 20 жылдан бери ишкердүүлүк менен алектенип, калпак тигип сатууудан баштаган.Кийинчереек дүкөн ачып жана кафе иштетип баштаган.Андан тышкары …

Чоң-Арык: Айылын жыгач устасы Алымбек Тургуналиев

Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы жашоочуларды айнек эшик, терезе, башка жыгач буюмдар менен камсыз кылып турган жыгач уста Алымбек Тургуналиев бала чагынан бери бул өнөр менен алектенет.

Бакай-Атада муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

Өткөн аптада Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында райондун имамы Абдумажит Сагынбаев Рамазан айында чогултулган садака-фитирлерди муктаж болгон адамдарга таратып берди.

Чон-Арык: Балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүүдө?

Балдардын жайкы каникулу көбүнчө айылда, жайлоодо, ошондой эле айрымдары эс алуучу жайларга барып келүүдө.

Чоң-Арык: Токтогул көлүндө эс алуучулар көп болууда

Токтогул суу сактагычынын Кызыл-Кум жээгине адамдар көп келип жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүп жатышат. Кызыл-Кум жээги  Кетмен-Дөбө айыл аймагына жакын жайгашкан жана жергиликтүү  эл бул жерге жайкы ысыкта сүзүү үчүн …

Чоң-Арык айылындагы тоок фермасы

Ардактуу эс алуудагы педагог Дилдеайым Жумабаева тоок ферма ачып, элди таза жумуртка менен камсыз кылууда.

Шаршемби
24 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...