Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Жаңы окуу жылынын башталарына аз убакыт калды. Учурда Ак-Талаа районунун аймагында жалпы билим берүү мекемелери ремонт иштерин аяктап, 1-сентябрга даярдык көрө башташты.
Жаңы-Талап айылында Гүлай Эсеналиева жетектеген аялдардын тобу БУУнун өнүктүрүү программасынын негизинде жашылчанын уруктары менен бекер камсыз болушкан. Аларды өз огороддоруна айдап, пайда табышат.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы Талап айыл аймагында жаңы мектеп курулууда. Мектеп ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет.
Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып келген.
Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды. Оюн аянтча 2 айдан бери иштеп жатат.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы эшектердин саны жылдан жылга азаюуда. Эшектер Учкун айылында эле эмес коңшу айылдарда да союлууда.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин курулуп, пайдаланууга берилгенине 38 жыл болгон. Ушул аралыкта бир да капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Полдордун чирип, эскирип калышы мектептин жана окуучулардын санитардык абалын сактоодо бир …
Исабек Бектемиров 1871-жылы Лейлек районунда төрөлгөн. Ал Лейлек, Сүлүктү аймагынан чыккан киши. Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аталган аймакта топтоого уюштуруучу катары өз салымын кошкон.
Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча 2015-жылдын 27-май айынан баштап ишке кирген. Аталган аянтчаны быйылкы он жылдыктар мектепке жардам катары куруп беришкен.
25-августтан 30-августка чейин Немец толкуну (DW Akademie) академиясы тарабынан уюштурулган семинар болдуп өттү. Анда Германиядан келген адистер ыктыярчыларга сабак өтүштү. 11 окуучу катышып, семинар практика жүзүндө болду.
Куу-Майдан айылында буудай оруу жыюу иштери башталды. Быйыл мөндүр жаап буудайдын данын төгүп койгонуна байланыштуу буудайдын түшүмү жылдагыдай болгон жок.
Куу-Майдан айылына жаңы мечит курулуп жатат. Мечит арабдардын Табарак фондунун жардамы менен курулууда.
«Өнөрлүү өлбөйт» демекчи эл арасында өнөрлүү адамдар көп. Алар элдердин муктаждыгын эске алуу менен өз ишин да андан ары улантып жатышат.
Героиня нашей передачи – Дюшекеева Чинара, которая открыла мастерскую по ремонту обуви и обслуживает жителей Таласа уже на протяжении 18 лет. Как призналась героиня, она специально этой профессии не обучалась,
Ишкер айым Мукадас Ибрагимова Үч-Коргон айылында тигүү цехин ачып, тогуздан ашык аялды жумуш менен камсыздаган. Тигүү цехин ачканына жети жылдын жүзү болду.