Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Октябрь 2016

Ак-Талаанын 80 жылдык мааракесине даярдык көрүлүүдө

Ак-Талаа районунун 80 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 21-22-октябрь күндөрү өтөт. Ага учурда даярдыктар көрүлүп, ар бир мекеме салым кошууга аракет кылышууда.

Зыяндуу заттардан арылалы

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу  заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.

Класстар арасында «Жаратылыш жана мен» сынагы болуп өттү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде класстар арасында “Жаратылыш жана мен” сынагы болуп өттү. Сынакта 9-класстын окуучулары жеңүүчү аталды.

Мектепте мугалимдер күнүнө карата кече өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучулары мугалимдер күнүнө карата кече өтүштү. Кечеде тамашалуу оюндар, сценкалар коюлду. Ошондой эле кечеде ардактуу мугалимдер конокко чакырып, аларга сөз берилди.

Токтоянда дублёрлор күнү өтүүдө

Түп районуну караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде дублёрлор күнү өтүүдө. Бул күндөр окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы билген, жакшы көргөн сабактарын класстарга өтүшөт. Бул дублёрлор күнүнө 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар …

Учкунда Үркүн кино тасмасы көрсөтүлдү

Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.

Тасмада окуучулар арасында түшүм майрамы болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.

Бакай-Ата: Ленин орто мектебинде ишембилик өткөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 12-октябрь күнү ишембилик болуп өттү. Бул ишембиликте башкалардан айырмаланып, мектеп багындагы мөмө-жемиштер терилди.

Бакай-Атада симкарталар бекер таркатылды

Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Маданият үйүндө О! уюлдук байланыш компаниясынан белеке уюлдук номер таркатылды. Бул акцияда абоненттерге бекер уюлдук номерин таркатылып эле калбастан, оңой жана тез жаттап алганга ыңгайлуу болгон номерлер да татууланды.Мындан тышкары Бакай-Ата айылынын ичине …

Балалык кезин спортко арнаган кичинекей Азимдин жетишкендиктери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …

Кошбулакта жолбун иттерди аттыруу жүрүп жатат

Салттагыдай эле кыш мезгили жакындаган сайын өткөрүлүүчү жолбун иттерди аттыруу иштери жүрүп жатат.

Сүлүктү шаардык мэриясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн 14.10.2016-жылы Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн координациялык Кеңешме бүткөндөн кийин, Кеңешменин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардын активи: Аксакалдар Соту, Аялдар Кеңеши, Жаштар Ынтымак Коому, мекеме ишканалардын жетекчилери, мечиттердин имамдары …

Улгайган жарандарга камкордук акциясы уланууда

Сүлүктү шаары боюнча «Улгайган жарандарга камкордук» акциясы уланууда. Учурда депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов аз камсыз болгон 22 үй-бүлөгө ар бирине 500 кгдан бекер көмүр жеткирип берди.

“Келечектеги миллионер” үчүн ачык эшик күнү болду

“Компаньон” банкы түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук бөлүмүндө окуучуларга “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.

Ак-Талаанын 80 жылдыгына арналган шахмат оюндары жыйынтыкталды

Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына карата спорт бөлүмүнүн башчысы М. Чырмыев жана шахмат федерациясынын жетекчиси Д. Саткыновдун демилгеси менен уюштурулган шахмат боюнча мелдш жыйынтыкталды.

Сүрөт баян: Учкунда бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы …

Баетовдун зергери Сүйүн Момунбаев Германияга барат

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну, зергер, бир канча сыйлык ээси Сүйүн Момунбаевдин өнөрканасына баш багып, аны менен маек курдук. 

Улгайган жарандарга камкордук акциясы уланууда

Баткен облусу Сүлүктү шаарындагы Кызыл Булак жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, шаардык кеңештин депутаты Карабаев Исманали тарбынан аз камсыз болгон 2-топтогу майып, Мамбетова көчөсүнүн 36-үйүнүн тургуну К. Авазовага көмүр, ун, пахта …

Айылдык клубда ыр майрам өттү

Тарых жана маданият жылына карата Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте “Ак-Талаа талант мекени” аттуу ыр майрам өткөрүштү.

Өмүрүн балдарга арнаган эженин эмгеги

Бүбүайым Болоталиева Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде физика сабагынан 40 жылга жакын убакыттан бери мугалим болуп иштейт.

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...