Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнө Мамлекеттик каттоо кызматынан кызматкерлер келип, 11-декабрда өтө турган шайлоого карата операторлорду окутуп кетишти.
Кызыл-Кыя — Көк-Жар жолуна кышында муз тоңуп калбасы үчүн кумдар себилип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров: — Бул жолдорго Ноокат …
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер аралык волейбол мелдеши болду. Анда он мектептин кыздар курамасы таймашып, 1-орунду Бекиев мектеби алды.
Нарынын районуна караштуу Учкун айылынын көчөсү начар тургундары 2000 сомдон чогултушуп, шагылдарды төктүрүшүп, жолдорун өз алдынча оңоп жатышат.
Учурда бардык эле мектептерде 11-класстардын биринчи маселеси болуп «кайсы кесиптин ээси болом» деген суроо бар. Айрымдары кичине кезинен бир кесипке багыт алышса, кээ бири азыркыга чейин ойлонуп жүргөн кези. Бул …
1-декабрь СПИДге каршы каршы күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Ошол декаданын негизинде Ак-Талаа районунда жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде атайын иш мерчемдери түзүлүп, класстык сааттар, тегерек столдор, суроо- жооптор өткөрүлүп жатат. …
Бакай-Ата айылындагы оорукана менен лабораториянын имараты жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Лаборатория үч жыл мурун иштен чыгып калган болчу.
Бакай-Ата айылында жаңы май куюучу жай курулуп жатат. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундары район борборунан күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Чоң-Арык айылынын Коргол мектебинде “Күз периси» сынагы болуп өттү. Сынакка 8-11-класстын окуучулары катышып, Нурсезим Нурдин кызы жеңүүчү болду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин жума сайын окуучулардын жана класстын катышуусуна, тартибине, тазалыгана, окуганына карата жыйынтык чыгып, бул жумада 9-«А» классынын окуучулары мыкты класс наамына ээ …
Учурда Бакай-Ата районунда чычкан көйгөйү орчундуу маселени жаратып жатат. Бирок бул көйгөй бир эле Бакай-Ата району менен чектелбегенин, Талас облусу боюнча маселе болуп жатканын айтышат.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата линейка коюлду. Анда СПИД тууралуу маалымат берилди.
Малдардын чакалай оорусу териде ар кандай формада, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турган жугуштуу ылаң болуп эсептелет. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын сапаттуу тоют менен камсыз кылып, ветеринардык-санитардык эрежелерди …
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Атом усулдук аймагы» «Акыл Ордо» таймашын биринчи жолу техниканын жардамы менен уюштурду. Мурунку таймаштарда бардык суроолорду алып баруучу берсе, бул таймашта …
Ноокат районуна караштуу Шанкол айылындагы Шанкол орто мектебинде «Тарыхый музей» залы ачылды. Анда ата-бабалардын колдонуп келген буюмдары жана тарыхый маалыматтарды көрүүгө болот.
«Акбакай» жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын арасында «18 жашка жете электерге спирттик ичимдиктердин сатылышы» боюнча сурамжылоо жүргүздү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 1-декабрь СПИД күнүнө карата футболдук беттеш өткөүлдү. Оюн 28-ноябрь күнү беш команданын катышуусу менен өтүп, жеңүүчүгө «Алтын команда» наамы берилди.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында балдардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн беш мектеп катышты.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында кыздардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн 5 мектеп катышты.