Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2016

Ооган-Талаада табигый кырсыктан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу өттү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.

Кара-Суу: Германияга иш сапар менен. 5-бөлүк

17-ноябрда Гамбургдагы “FURST BISMARK” отелинен эртең мененки тамакты ичип, 09:38де вокзалдан поездге түшүп, Берлинге сапар тарттык.

Учкун: Волейбол боюнча мектептин чемпиондору аныкталды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-ноябрь күнү «Биз СПИДге каршыбыз» аталышындагы 9-11-класстар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болду. Мелдешке төрт команда катышып, жыйынтыгында «Мектеп чемпиону» наамы 11-класстардын «Ак …

Кызыл-Булактын окуучулары «Карек» кинофестивалында «Мыкты актриса» наамына ээ болду

Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы М.Кудайбердиев жатак лицейинин окуучулары «Карек» фестивалына «Менин дүйнөм» аттуу киносу менен катышты. Жаштардын тарткан тасмасы «Мыкты актриса» наамын алып келди.

Бакай-Атадагы ооруканага Жапон элчилигинен медициналык жабдыктар берилди

Бакай-Ата райондук жалпы медициналык тейлөө борборуна Кыргызстандагы Жапон элчилигинин донордук долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар берилди.

Сүрөт баян: Өмүрүн эмгек сабагына арнаган Бактыгүл Айдакеева

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин мугалими, «Баатыр эне» Бактыгүл Айдакеева 34 жылдан бери окуучуларды кол эмгегине үйрөтүп келет. Айдакееванын өзүнчө кол эмгек бөлмөсү да бар, андан 34 жылдан берки …

Ак-Талаа районунда “Кайра жабдуу” аталышындагы рейд өттү

Учурда Ак-Талаа районунда 2016-жылдын 20-25-ноябрь күндөрү “Кайра жабдуу (Переоборудование)” аталышындагы рейд өттү. Иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу.

Кара-Суу: Германияга иш сапар менен. 4-бөлүк

16-ноябрда эртең менен биз токтогон “Golden Tulip” мейманканасынан тамактанып алып, Берлиндин вокзалына жөнөп кеттик. Себеби биздин бул күн, 16-ноябрь, Гамбург шаарындагы TIDE TV жана RADIO жамааттык медиасына, ошондой эле FSK …

Карасартов мектебинде компьютердик бөлмө ачылды

Баетов айылындагы Э.Карасартов мектебинде жаңы компьютердик бөлмө Германия эл аралык кызматташтык уюмунун каржылоосу менен ачылды.

Баетов: Мектептин курулушу кийинки жылга калтырылды

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э. Карасартов мектеби республикалык бюджеттен каржыланып, 2014-жылдын 2-ноябрында типтүү мектептин капсуласы салынган. Курулуштун бүтүшү 2016-жылдын октябрь айына пландаштырылган, бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн токтоп турат.

Андаракта төрөт үйүнүн жоктугу айылдыктарга кыйынчылыктарды жаратууда

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы төрөт үйү маселеси көптөн бери чечилбей келет. Төрөт үйү мындан эки жыл мурда акушер, гинеколог жоктугуна байланыштуу жабылып калган болчу.

Э.Токсобаев орто мекбинде каны аз окуучулардын саны көбөйүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылында каны аз окуучулар көп учуроодо. Мектептеги окуучулардын 60%ти каны аз окуучулар. Мындай окуучулар менен ФАПта иштеген дарыгер айымдар окуучуларга витамин даарылырды беришип, канды аздуулукту жоюуга …

Ак-Талааданын аймагындагы ашуу белдерге баруучу автоунаа жолдору жабылды

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, ашууларда, белдерде кар күрткүсү пайда болуп, автоунаалардын жүрушүнө кыйынчылык жаратып жаткандыктан Ак-Талаа районунун аймагындагы Молдонун бели, МЭЛС, Ак-Мойнок ашуулары жаз келгенге чейин убактылуу жабылды.

Андарак: Окуучу Жумадыл эки жылдан бери коёндорду багып келет

Лейлек районунун Андарак айылындагы мектеп окуучусу Жумадыл Егемназар уулу эки жылдан бери коёндорду багып, аларды көбөйтүп келет. Учурда анын колунда эки эркек, 15 ургаачы коёну бар. Жумадыл мындан ары да коёндорду көбөйтөөрүн айтат.

Кара-Суу: Германияга иш сапар менен. 3-бөлүк

15-ноябрь күнү биздин делегация Deutsche Welleнин Берлиндеги имаратында экскурсияда болдук. Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот. Бизди DWнин кызматкери, биздин таанышыбыз Лидия Ранерт …

Райондук сулуулар сынагында Терек-Суунун бийкечи ат салышат

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын маданият үйүндѳ сулуулар сынагы болуп ѳттү. Ага Кетмен-Төбө айыл айымагынын Терек-Суу, Ак-Тектир, Чоӊ-Арык, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу жана Кара-Күнгѳй айылдарынын сулуулары катышып, Терек-Суу айылынын сулуусу баш байгени илип кетти.

Андаракта биринчи жолу күнөскана курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев өзүнүн үйүнүн алдына күнөскана курууда. Ага жалпысынан 347 726 сом каражат кеткен.

Баетовдо волейбол мелдеши болду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Э.Карасартов атындагы орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдештин максаты — ден соолукту чыңдоо, спортту сүйүү, бош убакытты туура пайдалануу менен бирге эле рекетчиликти …

Баетов: «Ырлар менин жан дүйнөм» кароо сынагы жыйынтыкталды

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө «Тарых жана маданият жылына» карата «Ырларым менин жан дүйнөм» кароо сынагы өткөрүлдү. Анда Б.Абдрахманов, Н.Жыргалбекова, Ж. Сатылганов, М.Базаркулов, Э.Карасартов атындагы орто мектептеринен мыкты ырдаган …

Баетовдо мектеп полдору кайра оңдолду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде быйыл жайкы каникулда полдору алмашылган болчу. Учурда кайрадан жасалууда.

Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...