Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде 14-февраль күнү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу жана кантип көп упай алса болот деген темада лекция өтүлдү. Лекцияны Лейлек районундагы 3-гимназиянын 11-классынын окуучусу …
“Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси Ак-Талаа районунун аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдарын беришти.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү. Аны Каракол шаарындагы драма театрынын актёрлору коюп беришти.
Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.
23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө карата Кызыл-Кыя шаарында согуштун ардагери Алмамат Шамшиевдин элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында чогулуш болуп, ага “Бюджеттик процесс” добоорунун максаты менен таанышууга айыл тургундары катышты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы мектеп мугалими Айгүл Ормонбекова өз кесибинен сырткары чач тарач, визажист, кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Ар тараптуу айым менен маек курдук.
Афган согушунун жоокерлери Сокулук районундагы Жал айылында жайгашкан Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинин ачык сабагына катышты.
Азыркы тапта, Кыргызстан боюнча белгилүү болуп жаткан “Синий Кит” оюну өзгөчө талкууга алынууда. Бул оюн социалдык тармакта жаш өспүрүмдөр арасында коркунуч жаратат.
Бүгүн 13-февраль 2017-жылдан баштап салт болуп калгандай, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Сүлүктү шаары боюнча Ооган согушунда каза болгон жана Оогандан келгенден кийин каза болгон жоокер интернационалисттердин үй-бүлөлөрүнө …
Түп районуна караштуу Токтоян айылында көп жылдык бак-дарактар бар. Алардын арасында бир жарым кылымдык дарак да бар.
Түп районундагы Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде физика, география сабактары боюнча жумалык жарыяланды. Бул жумалыктын негизги максаты — физика жана география сабагынан окуучуларга тереңдетип билим берүү.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучулары айылдык усталарга барып, алардын жасаган иштери менен кенен таанышып келишти.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндөгү айыл аттарынын келип чыгыш тарыхы боюнча Сары-Дөбө мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мария Кудайбердиева, тарых мугалими Төрөкул Убайдуллаев ошондой эле Манас орто мектебинин кыргыз тили …
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас атындагы орто мектебинде 11-февраль күнү зоналык волейбол мелдеш болуп өттү. Манас мектебинин балдар жана кыздар курамалары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, райондук баскычка жолдомо алышты.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору ачылганына 7-февралда төрт жыл болду. Бул даталуу окуяга байланыштуу мультимедиа борборунун төрт жыл аралыгында аткарган иш-аракеттери боюнча сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Түп районунун Токтоян айылыдагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде “Илим жана техника” жумалыгы болуп, сынак жарыяланды. Бул сынакта окуучулар өзү кыймылдоочу техникаларды даярдашып, сүрөттөрдү тартышты. Конкурстун жыйынтыгында класстарга орундар берилди.
Тысячелистник обыкновенный представляет собой многолетнее, сложноцветное, невысокое, душистое растение.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.