Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Мукадам Абдибаитова көп жылдан бери шахмат оюнун ойноп келет.
Ноокат районунун Көтөрмө айылындагы «Көтөрмө-Нур» балдар бакчасында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Ноокат районун тургуну Ариет Шарипов үч жылдан бери пластик терезе жасоо менен алектенет.
Ноокат районундагы Арбын айылынын тургуну Айгүл Мамажунусова көп жылдан бери айылдаштарына жашоодо керектелүүчү пайдалуу кеңештерди окутуп-үйрөтүп келет. Анын сабагына келгендердин көпчүлүгү ата-энелер.
Ноокат районунда чөп сезону башталып, адамдар өздөрүнө тиешелүү жерлердеги чөптөрдү жыйнай башташты. Алар адырдагы чөптөрүн тракторлорго ордуруп, тырматып, престетип базарга алып барып же болбосо ордунан сатышууда. Айрымдары үйүндөгү мал жандыктарына …
Ноокат районунун Арбын айылында катуу жааган жамгырдын айынан тоодон эки күн катуу сел келип, каналдардын, арыктардын башын сел алды. Таза суунун ичине ылай суу кирип кетип, суу чорголору жарылып, айыл …
Мырза Гапаровдун “Туздуу чөл” пьесасынын негизинде кыргыз режиссеру Геннадий Базаров көркөм тасма тартып жатат.
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Барбулак айылынын жанында жайгашкан “Барбулак” пансионаты ден соолугун чыңдаш үчүн келген эс алуучуларга эшигин ачып, кызмат көрсөтүп жатат.
Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары адамдардан тунук сезимди, аң сезимдүүлүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Ал эми дал ушул чыгарылышта кыргыздын улуттук оюндарынын бири тогуз коргоол жөнүндө сөз кылабыз.
Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылынын тургуну Улан Айтбеков жубайы Мээрим Теңирбердиева менен бирге жаңы эс алуучу жай ачты. Казарман-Баетов жолундагы бул чайкана “Асанкан ата” деп аталып, Ак-Чий айылынын тушундагы Мыкачы суусунун …
Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылына жаңы футбол аянтчасы курула баштады. Аны Саид Баюми жаштар уюму каржылаган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын мал доктуру Чолпонбүбү Дүйшөбаева өз кесибин 8-класста окуган кезинде эле тандап алган. Учурда ылаңдаган малдарды дарылап, айылдаштарына кызмат кылып келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында ата-тегин изилдөө боюнча санжыра жазуу иштери жүрүп жатат.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында малина өстүрүү кеңири жайылууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь-июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь-октябрь айларында да мөмө берет.
Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 7-июль күнү аталган айыл аймактын башчысы шайланды.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дүкөндө тамак-аш азыктары жана кийим-кечектердин баары бекер таркатылат.