Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Июль 2017

Терек-Суу: Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.

Терек-Суудагы 17 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу Жумашбек Кулушев

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.

Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын Компаньон банкынан алууда

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.

Сары-Булуң: Мектеп окуучуларынын көңүлдүү, жайкы эс алуусу.

Азыркы тапта жайдын ысык аптабы жүрүп турган кез. Ар бир окуучу жайкы эс алуусун ар кандай өткөрөт.

Терек-Суудагы тиричилик техникаларын оңдогон Мадыш Шайдылдаев

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.

Витаминдерге бай дарбыз

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай — бул дарбыз. Бул жемиштердин сезону июль айынын экинчи …

Кетмен-Дөбө айыл аймагында жаңы жуут, кыркым пункту салынды

Токтогул районунун Кетмен  Төбө  айыл аймагы тоолу болгондуктан, андагы  ар бир тургун мал багуу менен алектенет.Адамдардын саламаттыгы-алар оздөрү багып ,этин жеген малдын саламаттыгы менен түздөн -түз байланышта.Кетмен Төбө  айыл аймагынын …

Терек-Суу айылындагы Жерге-Тал участкасына жаңы жол салынат

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду. Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы жол салынуу алдында турат.

Сумбулага жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын …

Ооган-Талаа мектебинин ашканасына таза суу кудугу курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.

Сумбулада окуучулар жайкы каникулун кандай өткөрүп жатышат?

Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.  

Хамзамон велосипед оңдоп үй-бүлөсүнө жардам берет

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.

Терек-Суудагы балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет. Балдар бакчасы тууралуу кененирээк малымат алдык.

Кызыл-Туу айылынын балдары жылдыздарга жакын болушту

Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучуларын Польшадан келген Эвелена «Кыргыз асманынын алдында» деген долбоору менен тааныштырып кетти. Балдар асмандагы жылдыздарды телескоп менен кɵрүүнү үйрɵнүштү.

Терек-Суу айылынын Эргеш көчөсүндөгү кудуктан таза суу чыгат

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.

Токтогулдун элин дүрбөлөңгө салган Узун-Акмат алтын кени

Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон  аныкталган.

Андаракта каракурт көбөйүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.

Дары чɵптɵрдүн далай сырын билген айым

Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.

Терек-Суунун мал доктуруна мотоцикл ыйгарылды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...