Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Ноябрь 2017

Кыргыз киносунун жаралган күнү

17-ноябрь күнү кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. 73 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө.

Элдик кабарчы — Талас облусунун сыймыгы

«Радиомост» жамааттык үналгысынын кабарчысы Азимкан Сулайманова Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.

Сокулукта информатика сабагы боюнча мугалимдери тажрыйба алмашты

Информатика сабагы боюнча Сокулук районундагы мугалимдердин тажрыйба алмашуу иш-чарасы Жал айылындагы Мамыралиев орто мектебинде болуп өттү.

Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт кайрадан өз ишин баштайт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.

Кадамжайда тажик жана өзбек мугалимдери кыргыз тили боюнча сынакка катышышты

Кадамжай районунда тил майрамынын бир айлыгы жыйынтыкталып, ага Үч-Коргон айылынын тажик жана өзбек тилдүү мектептеринин мугалимдери катышышты.

Кара-Талаа айылынын мугалимдери ЖРТ боюнча окутуудан өткөрүлдү

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын мугалимдери «Секом» билим берүү борборуна барып окуп келишти. Иш чараны «Кумтөр оперейтинг» компаниясы каржылады.

Кызыл Туу айылында 18-автобус каттоодо

Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылына номур 18-автобус каттай баштады. Автобустун каттоо аралыгы 10 мүнөт.

Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы «Даңк» медалы менен сыйланды

Өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасына Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджан Абдурахманов да бар.

«Биринчи мугалим» тасмасында тартылган Кызыл-Туу айылынын тургуну

Советтик киноматографиянын чыгаан актерлорунун бири, Сүймонкул Чокморов менен кинотасмаларга тартылган Насирдин Дубашев Саадаш  Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Кара-Талаа айылында ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Тоң районундагы Кара-Талаа айыдында Кудайменде Жаныбек уулунунун 300 жылдыгына арналган мааракенин алкагында уюшулган ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдыгы болуп өттү

Тоң районунун Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдык майрамдык мааракеси белгиленди. Айылдагы жаштар паркына Кудайменде атанын эстелиги тургузулуп, эскерүү иш-чарасына айыл тургундары жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Талас: Кабаттуу үйлөргө жылуулук 151 күн берилет

Талас шаары боюнча жылуулук берүү сезону 2017-жылдын 3-ноябрынан башталып, 2018-жылдын 20-мартына чейин уланат. Жалпысынан шаарга жылуулук 151 күн берилет.

Молодое поколение села Кызыл Туу предлагают свои услуги

Каждый человек старается внести вклад в разите своей малой родины. Молодежь села Кызыл Туу не остались в стороне. Они оказывают транспортные услуги своим односельчанам.

Кызыл-Жылдыз каналы бетондолууда

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын каналынан саркынды суу чыккандыгы үчүн каналдын 100 метр жери эксперимент катары бетондолуп жатат.

Баетовдо окуучулар тарых жана ата-бабаларды эскеришти

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев орто мектебинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына, саясий репрессиянын 80 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Үч-Коргон айылында мөмө жемиш саткан чакан базар

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында күзгү бышыкчылык соңуна чыгып, айылдагы Чорсуу базарында дыйкандар жыйнаган мөмө жемиштерди сатыша башташты.

Ак-Талаада маданият кызматкерлери сыйланышты

Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ал маданият үйүндө өтүп, салтанаттуу иш чарага маданият кызматкерлери менен бирге мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Арстанбапта жаңгак фестивалы болуп өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбаб айылында жаңгак фестивалы болуп өттү.

Менин келечектеги кесибим

Мектепти аяктаганда улан-кыздар окуганга, иштегенге, келечегин жакшыртууга аракет кыла башташат. А.Табалдиев атындагы орто мектебинин физика сабагынан берген мугалим Мээрим Калыкова төмөндөгүлөрдү айтып өттү.

Экологическое воспитание — часть нравстннего воспитания

В школе села Жал Сокулукского района традиционно отмечается праздник осени. По экологическому воспитанию наших школьников провели интересный праздник “Осенний колейдоскоп”.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...