Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 15 жаштагы тургуну Алтынай Абдыбекова комуз чертип волейбол ойнойт.
Зергерликке болгон кызыгуунун арты менен ийгиликке жетишкендердин бири Тоң районунун тургуну Кубанычбек Алтынбеков. Ал зер буюмдарды жана ат жабдыктарын жасайт.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Азамат Эшимов курулуш материалдарын чыгаруучу чакан цех иштетүүдө. Ал айыл элине кызмат кылуу эле эмес айыл тургундарын жумуш менен камсыздоону да каалайт.
Республикалык масштабда баардык мектептерде бирдиктүү форма кийилүүдө. Форма жогорку жана кичине класстардын окуучуларына ылайыкталып тигилген жана мугалимдер үчүн дагы атайын бирдиктүү форма чыккан.
Тоң районуна караштуу Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде чет тил жумалыгы болуп өтту. Бул жумалыкка 5-класстан 11-класска чейики окуучулар катышышты.
Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.
«1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинин окуучулары флешмоб уюштурушту.
Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык …
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда жол коопсуздугун алдын алуу боюнча иш-чара болуп өттү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, социалдык өнүгүү башкармалыгы, айыл аймактары тарабынан уюшулган “Дүйнөм, ыйман сыймыгым — Кыргызстан” аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардар арасында спорттук мелдештер болуп өттү.