Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну өзүнүн күчү менен күнөскана курду. Күнөскана айыл тургундарын жер-жемиштер менен Балыкчынын баасында камсыз кылып жатат.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылында спортзал салынууда. Аны «Кумтөр» ишканасы каржылап жатат.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын тургуну Абдухаким Темирбаев асыл тукум койлорду багат.
Барскоон айылыбызды жашылдантып гүлдөп өсүшүнө салымын кошуп келгендердин салымы элге жакшы элге белгилуу.
Талас шаарында Кабылбек Коңурбаев атындагы балдарга билим берүүчү «Баластан» борбору иштейт. Борбордо билим алгандардын арасында чет мамлекеттерге чыгып, ийгиликтерди багынткандар бар.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы маданият үйүндө 8-декабрь күнү айыл өкмөтү тарабынан 3-декабрь “Майыптар күнүнө» карата “Жашоодо болсун кубаныч” деген темада чакан иш-чара өткөзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Байымбет орто мектебинде кайрымдуулук кылуу боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп, кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.
«Ак илбристи коргоо» күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү сынак Сырт өрөөнүндөгү Сары Жазда уюштурулду. Ага үч айыл өкмөтүнөн катышышты.
Жети-Өгүз районунунун Барскоон айылындагы 7,8,9,10,11-классынын окуучулары баардык предметтерден аймактык олимпиадага катышып келишти.
Барскоон айылына караштуу Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим беруучу мектебиниде бугун тактап айтканда 08.12.17 «Адептуу бала»аттуу 4класстын балдар кыздарынын ата-энелердин ,мектеп мугалимдеринин катышуусунда кызыктуу мыкты дээнгелдеги ачык сабак болуп отту.
Барскоон айылындагы Эшмамбет Кендирбаев орто мектебиниде 8-декабрда «Адептүү бала» аттуу ачык сабак болуп өттү. Ага 4-класстын балдар-кыздары, ата-энелери жана мугалимдери катышты.
Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 11-класста окуган Айжамал Асанбекова «Жеӊишбек» аттуу поэма жазды. Өз чыгармасында ал кыргыздардын басып өткөн жолу жана кыйынчылыктардан кантип чыгуусу тууралуу жазган.
Нарын районундагы Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаев баштаган тогуз айыл өкмөт өкүлдөрү 6-декабрь күнү келип, жолугушуп, гуманитардык жардамдарын берип кетишти.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын жаш тургуну Абдурахим Мыйманов вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа утуп алды.
Талас шаарында алгачкы жолу кыргыз улуттук кийимдерин саткан дүкөн ачылды. Дүкөндүн жетекчиси Бактыгүл Садырова менен болгон маекти сунуштайбыз.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын тургуну Кусейин Керимкожоев санжыра китебин түзүп чыкты.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын Болот Алаков мектебинде класстар аралык сынак болуп өттү. Ал орус тил жумалыгы боюнча даярдалып «Что скажет народ?» деп аталды.
Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинде башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 3-декабрь майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арабалар тапшырылды.
На днях ученики Пак Никона Николаевича получили свои желтые пояса по тэквандо.