Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 15 жаштагы тургуну Алтынай Абдыбекова комуз чертип волейбол ойнойт.
Зергерликке болгон кызыгуунун арты менен ийгиликке жетишкендердин бири Тоң районунун тургуну Кубанычбек Алтынбеков. Ал зер буюмдарды жана ат жабдыктарын жасайт.
Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Азамат Эшимов курулуш материалдарын чыгаруучу чакан цех иштетүүдө. Ал айыл элине кызмат кылуу эле эмес айыл тургундарын жумуш менен камсыздоону да каалайт.
Республикалык масштабда баардык мектептерде бирдиктүү форма кийилүүдө. Форма жогорку жана кичине класстардын окуучуларына ылайыкталып тигилген жана мугалимдер үчүн дагы атайын бирдиктүү форма чыккан.
Тоң районуна караштуу Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде чет тил жумалыгы болуп өтту. Бул жумалыкка 5-класстан 11-класска чейики окуучулар катышышты.
Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.
«1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинин окуучулары флешмоб уюштурушту.
Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык …
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда жол коопсуздугун алдын алуу боюнча иш-чара болуп өттү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, социалдык өнүгүү башкармалыгы, айыл аймактары тарабынан уюшулган “Дүйнөм, ыйман сыймыгым — Кыргызстан” аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардар арасында спорттук мелдештер болуп өттү.
Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДГе каршы күрөшүү күнүнө карата дубал гезиттер сынагы, 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Бейшеналиев мектебинин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.
Бегайым Мурзалиева Председатель ОФ «Коонорбос Мурас» поделилась опытом изготовления войлока.
Талас шаарында сулуулук салондорунун саны арбын. Алардын бири Айя Style салону.
Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын жаш жеткинчектерине кыргыздын унутулуп бара жаткан жаа атуу өнөрүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу Куттубек Эсенов келип үйрөттү.
Талас шаарынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниниги Байыш Аширбеков кышта көп айдочуулар жайкы дөңгөлөктөрү менен жүрүшкөнүн билдирди.
Талас шаарында супермаркеттердин саны арбын. Алардын ичинен өзүнүн ыңгайлуулугу менен жана арзандыгы менен айырмаланып турган маркеттердин бири бул «Эконом».
Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде Тогуз-Торо району боюнча калк менен иштөөчү адис Айбек Жеңишов айыл активистери менен биргеликте тренинг өткөрдү.
“Таза коом” долбоорунун алкагында Кара-Суу байланыш бөлүмүнө маалыматтык күркө коюлду. Иштөө үчүн сынак уюштурулуп, оператор тандалып алынды.
«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» демекчи жылдагыдай радиовикторинада билимдүүлѳрдүн таймашы болуп ѳттү. Анда Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү 5 орто мектептин билим, илим министрлери ат салышты.