Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Бейшеналиев атындагы орто …
Бурулкан Дыйканбаева, проработавшая в этой школе не мало времени, сейчас находится на почетном отдыхе. Она очень гордится тем, что в честь нее назван класс-кабинет где она проработала долгое время.
Ар бир эле адамдын оюна “Канткенде сулуу боло алам?” деген суроо келиши мүмкүн. Ал үчүн эч убакытыңызды коротпой өз сулуулугуңузду көрктөндүрүү үчүн үй шартында же болбосо убакытты үнөмдөп сулуулук салондоруна …
Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 8-ноябрь — “Ата-Бабаларды эскерүү күнү” деп бекитилди. Ага карата 7-ноябрда Тоң районундагы Кара-Талаа айылында саяк уруусунун чыгаан уулу Кудайменде бабанын 300 жылдык мааракесине арналган иш чара …
Талас шаарында мончо бизнеси өнүгүүдө. Бир убакытта жүздөн ашык кардарга кызмат көрсөткөн мончолор саналуу болсо, бөлмө-мончо бизнеси менен иштеп акча тапкандардын саны арбын.
Талас шаарындагы «ИСИТО» кесиптик колледжинде Талас облустук сотунун төрагасынын орунбасары Токтосун уулу Каныбек студенттерге лекция өттү.
Ушул жылдын 22-ноябрында Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынындагы Иманалиев орто мектепте 6-класстар арасында «Спорт — ден соолуктун булагы» деген темада эстафета оюну болуп өттү. Ал эстафетага окучулар жана ата-энелер катышышты.
Ушул жылдын 17-ноябрь күнү Бишкекте болгон “Эл алдында келет ырдагым” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Аккардеончу айымдар” тобунун концертине М. Иманалиев атындагы орто мектептин музыка сабагынын мугалими Назгүл Эсенгулова катышып келди.
Учурда Нарын районундагы Куланак айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар кышка карата даярдыктарды көрө башташты.
Нарын районунун Жерге-Тал айылынын дарыгерлер тобуна «Азыркы учурда кандай оорулар пайда болууда, себеби эмнеде?» деген суроо менен кайрылдык.
17-ноябрь күнү кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. 73 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө.
«Радиомост» жамааттык үналгысынын кабарчысы Азимкан Сулайманова Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.
Информатика сабагы боюнча Сокулук районундагы мугалимдердин тажрыйба алмашуу иш-чарасы Жал айылындагы Мамыралиев орто мектебинде болуп өттү.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.
Кадамжай районунда тил майрамынын бир айлыгы жыйынтыкталып, ага Үч-Коргон айылынын тажик жана өзбек тилдүү мектептеринин мугалимдери катышышты.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын мугалимдери «Секом» билим берүү борборуна барып окуп келишти. Иш чараны «Кумтөр оперейтинг» компаниясы каржылады.
Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылына номур 18-автобус каттай баштады. Автобустун каттоо аралыгы 10 мүнөт.
Өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасына Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджан Абдурахманов да бар.
Советтик киноматографиянын чыгаан актерлорунун бири, Сүймонкул Чокморов менен кинотасмаларга тартылган Насирдин Дубашев Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.