Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Январь 2018

Кызамык оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Билимкана тестинин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча олимпиадага катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Тогуз- Тородо муз үстүндө жарыш өттү

2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты.

Барскоон айыл аймагынын башчысы эң мыкты аталды

 Барскоон айылына жасаган иштери үчүн жыл башында Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов, КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун …

Сүлүктүдөгү гимназияда имитация ыкмасы менен мастер-класс өтүлдү

27- январда Сүлүктү шаарындагы №9 гимназиясында жаш энелер үчүн «Энелер мектеби» программасы боюнча имитация ыкмасы менен мастер- класс өткөрүлдү.

Барскоондо өспүрүмдөр үчүн менталдык арифметика сабагы ачылды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Барскоон айылында балдар үчүн «Академия Роста» интеллектуалдык өнүгүү борбору тарабынан менталдык арифметика мектеби ачылды.

Учкун: Куланак жана Учкун айылдарынын көйгөйлүү маселелери боюнча долбоордук жыйналыштын жыйынтыгы

Нарын районуна караштуу Куланак айылында айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча 26-аянварда долбоордук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары катышып, көйгөйлүү маселелерди презентациялап беришти жана эки айыл боюнча жалпы …

Орок айыл өкмөтүндө элдик жыйын өттү

Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн 2017-жылы бүткөрүлгөн иштери жөнүндө элге маалымат берилди . 22-январда болуп өткөн элдик жыйында Сокулук районунун бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү катышты.

«Ботокөз булак» бала бакчасы ийгиликтүү иштеп жатат

      Bakchanyn ishi 18 Жайыл районунун Кара-Суу айылында мындан 4 жыл мурун мектептин имаратында БУУнун жана Европа Биримдигинин долбоору менен 24 орундук бала бакча ачылган эле.

Айдайдын дилбаяны республикалык сынакта эң мыкты аталды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 11—классынын окуучусу Айдай Темирбекова Улуттук тил комиссиясы тарабынан уюштурулган, “Адеп адамдын көркү” аталышындагы конкурста республикадан дил баяны 16 эң мыкты дил баяндын катарына …

Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы жылдын мыктысы болду

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагынын башчысына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.

Тогуз- Торо районунун “2017-жылдын мыкты салыкчысы” аныкталды

Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.

Учкун айылында жалгыз дарыкана элге кызмат кылат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. 

Айыл тургуну Мээрим комузду нотасыз чертүүнү өзү өздөштүргөн

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

Республиканы багындырган спортчу Ислам Көчөрбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.

Жапар Нышанов атындагы орто мектеби кеңейтилип жасалды

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин жанына 4 бөлмөлүү жаны мектеп уланды.

Мектеп ашканасынын ачылышы болду

      Ashkana Бүгүн 22-январда Жайыл районунун Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинин ашканасынын ачылуу аземи болуп өттү. Ачылуу аземине Жайыл районунун Билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Мистегүл Меселимова, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа …

Райондук соттордун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо – түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштерди уланууда. Айта кетсек,  Кара-Буура районунун Кызыл – Адыр айылында Кара-Буура …

Балдар бош убакытын кантип өткөрүшөт?

  Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы балдар бош убактысын асман алдында муз тээп жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар менен өткөрүшөт.

Аскерге чейинки даярдык сабагын өтүү жакшырды

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...