Барскоон айылындагы «Барскоон FM» жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин “Кыялкеч” бий ансамбли Казахстандагы “Жаш толкун” конкурс фестивалына катышып, гранпри жана биринчи оорунду ээледи.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен, Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназия менен Лейлектеги №3- гимназиянын ортосунда кызматташтык башталды. Гапыр Мадаминовдун чакыруусу боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору …
Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-2019 окуу жылына карата мектептин президенти шайланды.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында мектептин курулушу алты жылды артка калтырды. Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектепке барып билим алышат.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын Уста-Сай суусуна, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын түйшүгүн азайтты. Айылдык кеңештин депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы …
Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулар Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар ийгилик жаратууда.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну Клара Байгожоева көп жылдан бери курак курап келе жатат. Курак кураганды 3-классынан эле баштап үйрөнгөнүн айтып берди.