Сары-Булуң айыл аймагында карылар күнү белгиленди

30 сентября 2018 в 23:35
Количество просмотров: 10

2018-жылдын 29-сентябрь күнү 1-октябрь  Улгайган адамдардын эл аралык  күнүнө» арналган чакан кече уюштурулуп, Сары-Булуң айылынын 120 кары адамына сый тамак тартууланды.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынан социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди. Кечени уюштурууга Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн бюджетинен 15 миң сом акча каражаты каралган. Кече айыл өкмөттүн жаңы салынып жаткан имаратынын бир бөлмөсүндө өткөрүлдү. Кечеге Кара-Суу жана Табылгыты айылынын тургундары демөөрчүлүк кылышкан. Алар Жумадияр Буйлашов, Бекбоо Оркошов, Куттубек Жумагазиев, Халил Осмонов. Кеченин жүрүшүндө №7 Сатыбалдиев орто мектебинин  7-классынын окуучуларынын чакан программадагы концертин тартуулашты.

Кары адамдарды куттуктап, Сары-Булуң айылдык Кеңешинин төрагасы Дамир Тагайбек уулу, Жергиликтуу Кеңештин депутаты Анарбек Токтоналиев, №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Венера Эпеева, Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморов жана Сары-Булуң айыл аймагынын эмгек жамааты калоо тилектерин айтышты. Мындан сырткары  Табылгыты айылынын таланттуу ырчысы Кубан Айдаралиев аккердеон коштоосунда көптөгөн ырларын ырдап, карыяларды куттуктады. «Седеп» балдар бакчасынын тарбиячылары тарабынан даярдалган бий менен коштолду.

Карыларга арналган кече райондо да белгиленген. Ага Сары-Булун айыл аймагынан 15 кары адам барып катышып келген.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...