«Ѳзүмдү 17 жылдан кийин таптым»-дейт «Алтын ийне» номинациясынын ээси, кол өнөрчү Аида Шерматова

20 декабря 2018 в 19:34
Количество просмотров: 17

Аида Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылында туулуп өскөн. Учурда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак тигүү менен алектенет. Ѳзүнүн айтымында кол өнөрчүлүккө кызыгып, ошол багытты тандап калганына саймачы, оймочу чоң энеси Кушбү апанын салымы зор болгон. «Калпакты жасоо, оймолоо, чиймелөө иштерине чейин ар кандай чакан буюмдарды жасап жүрдүм. Бир күнү Токмоктогу кийиз заводго барып калдым да, менин издегеним, каалаганым эмне экенин даана билдим.  Кийиз сатып келип, жасап баштадым. Улам жаңы жасаган сайын оюларын түшүрүүдө жаңы идеялар келет. Жаш өзгөчөлүгүнө карап, буйрутмаларга ылайык жасап берем.»-дейт. Азыркы учурда Аида Шерматова калпакты Монголиянын кийизинен  жасоодо.

«Калпакка эң биринчи сынчым жана колдоочум – жолдошум. Ар убак пикирин айтып, кеп-кеңешин берип турат. Мен тиккен калпактарды көп эле кыргыздын белгилүү инсандары кийип жүрөт. Президентибиз Сооронбай Жээнбековго кементайды Бакай калпагы менен буйрутма беришип, тигип бердим.»-дейт. Алгач жасаган калпактарды «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнө коюп, кийинчирээк үйдөн сата баштаган. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө катышып, ар кандай сертификаттарга, алкыш баракчаларга татыктуу болгон.

Даярдаган: Гүлбарчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...