Кайыпбек Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жаңы жылдык оюн-зоок кечеси болуп өттү. Аталган музыкалык мектепте тарбияланган окуучулар ар кандай жанрдагы чакан концерт тартуулашты.
Кыргыз Туусу гезити, 2012-2016 жылдар аралыгында шаардык Кеңештин төрагасы болуп, үзүрлүү эмгектенип, 2018- жылы кайрадан төрага болуп шайланган депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Исмаилов Каныбек Арзибековичке мыкты төрага дипломун ыйгарды.
Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын Шаңкол орто мектебинде жаштар үчүн эркин баарлашуу, чечендүүлүкө үйрөтүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Н.Исанов айыл өкмөтүнөн жана Кеңеш айыл өкмөтүнөн 10 го жакын мектептен …
Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрь күнү Ак- Талаа районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Зордук зомбулукка каршыбыз» аттуу КВН болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Көк Бөрү оюну уюштурулган. Ал оюнга 5 айылдын командалары катышып, Кызыл-Жылдыз айылынын «Салбар-Ата» командасы 1-орунду, 2-орунду Хутор-Акталаа, 3-орунду Куланак айылынын …
Ак-Талаа районунун Баетов айылында Балдар Билим берүү борборунда көптөгөн ийримдер ачылып, жаш муундардын өнүгүсүнө өз салымдарын кошуп келишет. Атай кетсек, компьютер, шахмат, комуз, бий, кол өнөрчүлүк, орус тили, англис тили, …
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сапарбеков Санат «Жылдын мыкты жаш лидери» номинациясы менен сыйланды.
Мыкты макала: Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу талапка жооп бербейт http://kyrgyzmedia.com/2018/11/14/tratuarlar-talapka-zhoop-berbegendikten-adam-m-r-n-korkunuch-zharalyp-zhatat/ Учкун айылынын тарыхы http://kyrgyzmedia.com/2018/11/04/uchkun-ajylynyn-taryhy/ Айыл эли жана мектептин кышка даярдыгы кандай? http://kyrgyzmedia.com/2018/11/04/uchkun-ajyl-eli-zhana-mekteptin-kyshka-dayardygy-kandaj/ Мыкты аудиосюжет: Менталдык арифметика ийрими ийгиликтерге жетип жатат
20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.
Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-9-10-11-класстар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында баскетбол оюну болуп өттү.
Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз» аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.
Талас шаардык драма театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди .
Аида Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылында туулуп өскөн. Учурда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак тигүү менен алектенет. Ѳзүнүн айтымында кол өнөрчүлүккө кызыгып, ошол багытты тандап калганына саймачы, оймочу чоң энеси …
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы жашоочулар үчүн маданият үйүндө комуз, акардион,пианино, гитара аспаптарын үйрөтүү боюнча ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадумаров, айыл өкмөтүнүн орун …
Кыш мезгили өтө кооз мезгил. Айлана аппак карга бөлөнүп, тунжураган жымжырттык өкүм сүрүп турган кез. Ооган-Талаа айылы бүгүнкү жааган карда өзгөчө сулуу, таза, кооз болуп калганын сүрөтбаянда сунуштайбыз.
Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чыңгызбаева кыш мезгилине карабастан салаттардын түрүн жасоо менен алек. Айыл тургуну өзү өстүргөн өсүмдүктөр менен айылдын таза продукциялуу салаттарын жасайт.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебиниде менталдык арифметика ийрими ачылды. Ага 6 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышууда.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында Ж.Нышанов мектебинде алп жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар болуп өттү. 4 күн бою Чынгыз Айтматовду даңазалаган ырлар, чыгармалардан үзүндүлөр, концерттер болду.
Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Уркуя, Үркүн, Курманжан датка, Саякбай Каралаевдер тууралуу сахналаштырылган чакан линейка болуп өттү. Тарыхый инсандардын басып өткөн жолу окуучуларга чоң таасир калтырды. …