Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып …
Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы маданият үйүндө Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жазуучусу Айтматовко таазим” аттуу райондук фестиваль өткөрүлүп, 10 айыл өкмөт жана бир шаар башкармалыгы катышты.
Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында өрөөндүк предметтик олимпиада болуп өттү. Жылдагыдай аталган олимпиада Н.Жыргалбекова, Ш.Бейшеналиев жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринде болуп, алдыңкы окуучулар 10 предметтен билимдерин сынашты. Жыйынтыгында 1-өрөөн боюнча Э.Мейманов, …
Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңешке барып, «Республика- Ата-Журт» фракциясынын депутаттары менен жолугушту.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында маданият кызматкерлеринин уюштуурусу менен «Күз периси-2018» аталышындагы конкурс өткөрүлдү.
2018-жылдын 5-декабрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол жана Терек-Суу айылдарынын спортчулары 100 000 (жүз миң) сомдон мелдешип көк-бөрү ойношту.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында фельдшердик акушердик пункту ачылды. Бул ФАП Куу-Майдан айылынын тургундары үчүн кызмат кылат. Бул ФАП элдин салымы менен жана атайын спонсорлор тарабынан курулду. Бул …
Талас облустук Токтогулов атындагы китепканасында жаны долбоор ишке ашууда. Долбоордун алкагында Талас шаарында «Балдарга оюн аянтчасы» Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен ачылган.
3-декабрь «Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата» Асан Сопиев мектебинде концерт өткөзүлдү. Концертти «Аваз » өзүн-өзү башкаруу уюму алып барды.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынды ондогон жылдары иштебей турган кинозал айылдын жаштары жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катышуусу менен ремонттолуп, айылдын жаштары спорт менен машыга башташты.
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” аттуу концерти болду.“Айтматовдун ааламы апалар” атуу концерттик программа уюштурулду.
Ак-Талаа районунда 3-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө» карата 111 адамга 77700 сомго алынган азык-түлүк таратылып берилди. Бул иш чара райондук маданият үйүндө уюштурулду.
Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясында «Аялуу балдарды коргойлу» акциясы башталды. Акцияда жогорку класстын окуучулары өз колу менен жасаган тамактарды сатып, түшкөн акчасын жардамга муктаж болгон үй-бүлөнүн балдарына берет.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде мугалимдер үчүн балдар арасындагы суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.
Сүлүктүдө Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Шаардык деңгээлдеги иш чара Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектептин маараке залында болуп, шаардын вице-мэри Марзия Сапаркулова, Сүлүктүдөгү педагогикалык колледждин директору Райхан …
Талас шаарында “Кызыл ай” коому тарабынан Дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата Өкмөттүк эмес уюмдарынын жарманкеси болуп өттү.
Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Базар-Коргон районундагы мектептерде иш чаралар өтүп жатат. Мектептерде кароо сынактар, КВН, тегерек столдор өткөрүлүп, сүрөт сынактары Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалап жатышат. «Окуучулардын кол эмгектеринин көргөзмөсү …
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы ар бир көчөгө ат коюулуп, илинип жатат. Ал эми айыл тургуну Кумарбек Идирисов өзү жашап жаткан көчөгө өз колу менен көчөнүн кубаныч …