Инсандык ɵсүп- ɵнүгүүдɵ ийримдердин кошкон салымы чон

28 января 2019 в 14:49
Количество просмотров: 8

Чүй облусунун Сокулук районундагы №1  Алымкул Жакшылыков атындагы мектеп гимназиясында   балдардын  ɵзүн-ɵзү ɵнүктүрүүгɵ багыталган семинар болуп ɵттү.  Анда окуучулардын колунан жаралган буюмдар кɵргɵзмɵгɵ коюлуп, мугалимдер тарабынан мастер- класстар  кɵргɵзүлдү.   

                                                                                             Иш-чаранын  башкы максаты балдарды  ɵнүктүрүүгɵ  багытталган. Мында окуучулардын «Войлок», «Оюунчуктардын дүйнɵсү», «Кутуча», «Мозаика» аталышындагы ийримдердин кол ɵнɵрчүлɵрү тарабынан жасалган буюмдар коюлган.

Аталаган мектептин директору Ырыс Жуманазарова «Ар бир окуучу жасаган жумушунан ырахат алса»- дейт.

Мугалимдер жааматы менен биргеликте ар кандай ийримдерди ишке киргизип, колубуздан келишинче заманбап технологиялар менен камсыздадык.  Окуучулар  кызыгуу менен катышып, мектептер аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келе жатабыз. Башкы максат балдар жасаган жумушунан ырахат алышса, инсан катары ɵсүп-ɵнүгүүгɵ түрткү болот деп ишенебиз. Бул буюмдардын ар бирин чын дилден берилүү менен жасашкан.

Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программа менен коштолуп, келген конокторго окуучулар,  колунан жаралган  буюмдарын белекке тартуулашты. Мугалимдер  тарабынан мастер — класстар кɵргɵзүлдү.

Белгилей кетсек, жыйында мындан сырткары окуучулардын билим денгээли, сырткы миграциянын аларга тийгизип жаткан таасири талкууланды. Ага Сокулук районундагы  мектептердин  тарбия бɵлүм башчылары  катышты.

Даярдаган: Айдай Джолчубекова

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...