Нарын районунун аймагында жолугушуулар өткөрүлүүдө

5 марта 2019 в 22:31
Количество просмотров: 9

Нарын районунун аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде, жер-жерлерде окуучулар, ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иши боюнча улук инспектору, милициянын лейтенанты Батырбек кызы Бурулдун айтымында иш чара жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукту, жашы жете электерге карата жасалган зордук-зомбулук, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар, өзүн өзү өлтүрүү фактылары, эрте никеге кетүүнүн кесепеттери, үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана башка көйгөйлүү маселелерди чечүү максатта өткөрүлгөн. Иш- чарага райондук администрация, райондун прокуратурасынын, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, билим берүү мекемелеринин өкүлчүлүктөрү жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык өкүлдөрү, жашы жете электердин иши боюнча аймактык инспекторлорунун катышуусунда өткөрүлүп жатат. Аталган иш- чара Нарын районунун Оттук, Куланак, Жан-Булак, Эчки-Башы, Эмгекчил, Учкун айылдарында өткөрүлдү. Мындан ары планга ылайык райондун бардык айыл аймактарында жүргүзүлөт.  Ошондой эле Он-Арча айылынын Жусуп Иманалиев атындагы орто мектепте кылмыштуулук, суицид жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында «Бирдиктүү болсок күчтүүбүз» деген темада семинар болуп өттү. Бул семинарда соц.коргоо бөлүмүнөн Канаталиева Чолпон, райОНОдон Кожоканов Мурат, казыяттан Орозалиев Кумар, ЖИИ Бакалов Максат жана мектептин соц.педагог, организатор, директору өз ойлорун айтышып, ата-энелердин ар кандай суроолоруна жооп беришти. Семинарга 100го жакын ата-эне жана 40ка чукул окуучу катышты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза

Теги:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...