Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Март 2019

Эл ичиндеги мыкты кыздар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз» сынагы болуп өттү.

Активдүү элеттик айым Нургүл Алиева

8-Март айымдардын майрамына Жайыл районундагы Кара- Суу айылынын активдүү айымдарынын бири Нургүл Алиеванын ишмердүүлүгү тууралуу бөлүшөбүз.

Ыктыярчылар айымдарды куттукташты

Кара-Суу айылында дагы мектептин окуучулары ушул күнгө арналган кызыктуу иш-чара өткөрүшүп, айылдын аялдарын, мугалим эжелерин, кыздарды 8-март майрамы менен куттукташты. 

Жаңы-Талаптагы токойчунун үйү толук оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү токойчунун үйү 537 миң сомго толук оңдоодон өттү. Бул үй 1962-жылы курулган. Аны оңдоо иштерине жаратылыш коргоо тармагын өнүктүрүү фондусунан 537 миң сом каражат …

Мугалимдер аралык волейбол оюну болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында 8-март «Аялдардын эл аралык майрамына» карата волейбол оюну болуп өттү.

Сумбулада аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Сумбула айыл аймагында 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Майрамдык иш- чараны Сумбула айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргеликте өткөрдү.

Ак калпак күнү айылдарда

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектептин окуучулары  «Ак калпак» күнүн белгилешти.

Менталдык арифметика боюнча олимпиада болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде менталдык арифметика боюнча облустук деңгээлде олимпиада өткөрүлдү.

Сумбулада «Жылдын мыкты мугалими» аттуу конкурс өткөрүлдү

Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими» аттуу зоналдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында Манас атындагы орто мектебинин мугалими жеңүүчү болду.

Лейлекте Ак калпак күнү белгиленди

Лейлек районунун Исфана шаарында, Ак-Калпак күнү белгиленди. Иш чара Лейлек райондук администрациясынын колдоосунун негизинде ишке ашты.

Тасмалык окуучулар менталдык арифметика олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти

Менталдык арифметика олипиадасынын шаардык баскычында Асан Сопиев мектебинин 2 окуучусу алдыңкы орундарды алышты. Алар 4-классынын окуучусу Асема Урматова 1- орунду ээлеп смартфон, медалдар менен сыйланды. Ал эми 7-классынын окуучусу Нурайым …

Нарын районунун аймагында жолугушуулар өткөрүлүүдө

Нарын районунун аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде, жер-жерлерде окуучулар, ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Окумуштуунун элесине арналган ойлоп табуучулардын сынагы болду

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 5-мартта райондук деңгээлдеги улуу окумуштуу Дүрбөлөң Мамбетовдун элесине арналган физика предмети боюнча 7-8-9-класстар арасында олимпиада жана «Интеллектуал окуучу» сынагы болуп өттү. Аталган сынакка райондун 28 …

Кыргыздын улуттук баш кийими даңазаланды

Жылда 5-мартта Кыргызстандын ар бир бурчунда улуттук баш кийимдин урматына Ак калпак күнү белгиленет. Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү.

Чолпон айыл аймагынын жайыттарынын абалы

Кыргызстанда 9 миллиондон ашуун гектар жайыттар бар. Мамлекетибизде деградацияга учураган 60% жайыт жерлери такырланган деп айтып келишүүдө. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы 50 миңге жакын гектар жайыттары …

Ак калпак күнү Базар- Коргондо белгиленди

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүү мекемелеринде 5-март Ак калпак күнүнө карата иш- чаралар болуп өттү.

Бийиктиги бир жарым метр келген калпак тигилди

5-март Ак калпак күнүнө карата Балдар Билим Берүү борборунун кол өнөр ийриминин мугалимдери Токтосун кызы Айгерим, Молдакунова Венера, ошондой эле сүрөт ийриминин мугалими Мамбетов Акыл кийизден диаметри 2 метр, бийиктиги …

Сүрөтбаян: Ак калпакчандар жөө жүрүшү

Ооган- Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары «5-март Ак калпак» күнүнө карата жөө жүрүш өткөрүштү.

Жаз келди

Быйыл Чүй облусуна жаз эрте келди. Региондун дыйкандары жазгы талаа иштерин эрте башташты. Кээ бир дыйкандар себе турган буудай, апаларын сееп коюшту. Ал эми Жайыл районунун Кара-Суу айылында дыйкандардын көбү …

Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектептин окуучулары «Окурман автобус» иш-чарасын уюштурушту

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалимдери жана окуучулары «Билим үчүн азык жана балдардын туура тамактануусу» долбоорунун алкагында уюштурулган «Окурман автобус» иш-чарасын уюштурушту. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын …

Шаршемби
24 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...