ОРОЗАЛЫ САЙДИЛКАНОВ: Эмне үчүн мен айылга гумандуу педагогикасы бар мектепти түздүм

7 Май 2019 жыл 19:32
Количество просмотров: 38

Кара – Кулжа айылы, Ош облусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.

Мен 1991- жылы Ош облусуна караштуу алыскы тоолуу Кара- Кулжа районуна караштуу Кондук айылында колхозчунун үй- бүлөөсүндө төрөлгөм. 7- класста окуп жүргөндө бизди кезектеги айыл чарба жумушуна жөнөтүштү. Өзгөн районундагы бир колхоздо тамекинин жалбырактарын чогултушубуз керек эле. Биз балдар менен бираз эс алып, бал муздак жейли деп Өзгөнгө жөнөдүк. Бизди дене тарбия сабагынан берген мугалим кармап алып, сабап баштады. Балдар биринин аркасынан бир кулап баштады, алардын ичинен эң боюу кыскасы мен болчумун. Мен балдардын кулоо тууралуу сүйлөшүүлөрүн укпай калыптырмын, ошого бардык соккуну көтөрдүм. Мугалим мени жыга албай калганы үчүн намыстанып, катуу чаап баштады, ошондо жыгылдым. Ошол окуядан кийин менин салттуу тарбиялоо системасынан көңүлүм калган, ал ушунчалык гумандуу эмес болчу. Мен бардык жашоомду балдарга билим берүүгө арнадым. Аймактардагы көптөгөн мектептерде иштедим. Убагы келгенде автордук мектебимди түздүм, анын негизине гумандуу педагогика идеясын киргиздим.

Туулган айылымда башталгыч гана класс бар болчу, төртүнчү класстан кийин окууну кошуна Ой- Тал деген айылдан улантууга туура келди. Ал жактагы мектеп дагы сегизинчи класска чейин болчу. Толук орто билимди райондун борбору – Кара- Кулжа айылынан алдым. Кадрлардын жетишсиздигинен, мектепти бүткөндөн кийин,  дене тарбия мугалими болуп иштөөнү сунушташты.  Эки жыл иштегенден кийин, 1970- жылы Ош педагогикалык институтуна тапшырдым, аны артыкчылык менен аяктадым. Жогорку окуу жайдан кийин айылыма кайтып келип, класстан тышкаркы иштер боюнча завуч болуп жумушка кирдим. Ошол эле учурда  мени тарбия иштери боюнча директордун жардамчысы кылып дайындашты. Кандай болсо да жогорку билимим бар болчу.

1978- жылы коммунисттик партиянын катарына кошулууну чечтим. Биринчи кандидат катары кабыл алышты жана партиялык тапшырма катары  ошол эле райондун Терек айылындагы Жданов атындагы мектепке директор кылып дайындашты. Мектеп артта калган болчу, балдар тамтыгы чыккан имаратта окушчу. Жаңы жетекчи катары жана компартияга кандидат катары мен уюштургуч жана жетекчилик жөндөмдүүлүктөрүмдү көрсөтүшүм керек эле. Ал мектепте иштеген 10 жылдын ичинде жаңы имарат курууга каржы табууга, билим берүү сапатын жогорулатууга жана тарбия ишин жөнгө салууга жетиштим.

1988 – жылы туулган айылым Кондуктун мектебине директор катары которушту. Ал учурда «Кайра куруу» шамалы болушунча үйлөп турган. Профилдик газеталар аркылуу Оруссияда, Украинада жана Грузияда ачылган автордук мектептер тууралуу маалымат алып жаттым. Ал идеяны ишке ашырууга  аракет кылып баштадым. Менин оюмча, автордук мектеп аркылуу гумандуу педагогика идеясын киргизүү мүмкүн болгон. Ошол учурдан баштап, педагогиканын илимий чөйрөсүнө катышып баштадым. Газета жана журналдарга макалаларды жарыяладым, өз сунуштарымды бизден жогору турган мекемелерге жөнөттүм, академиктер чөйрөсү менен иштедим, ошондой эле ар кандай семинарлардын, форумдардын жана талкуулардын катышуучусу болдум.

1989 – жылы «Мугалимдердин газетасына» макала жазганым эсимде, ал макалага мугалимдерге айлык акыны категориясына жараша төлөө идеясын жазып чыккам. Көп талкуулар болгон, мугалмидер категорияга бөлгүдөй кой беле деп каршы чыккандар болгон, бирок колдогон адамдар да болгон. Маанилүүсү идея өлкө боюнча колдоо алып, 90 – жылдардан баштап, мугалимдерге айлык төлөөдө категория эске алына баштады.

Мектепти ачуу

1994- жылы мектепти ачууга олутту кириштим. Эң башкысы имарат табуу жана окуу жайын ачуу үчүн уруксаат алуу болчу, уруксаат алуу абдан таттаал экен. Ошондо бюрократия деген эмне экенин сездим. Уруксаатты берүү маселесин караган мамлекет кызматкерлери, ар кайсы шылтоону айтып уруксаат маселесин чоюп жатышты. Автордук мектеп алар үчүн жаңы болду, тааныш эмес нерсе ар дайым коркунучтуу болот.

Төрт жылдан кийин Кара- Кулжа районунун акими Абдымалик Эгембердиев болгондон кийин гана уруксаат ала алдым. Аким аябай таң калды, «Эмне үчүн баары айылдан качып жатышса, жергиликтүү деңгээлде балдарды тарбиялоону каалаган адамга мамлекет кызматкерлери колдоо  көрсөткөн жок?»  деди. Ошондой эле, ал учурда бала бакчалар жабылып, мугалимдер мектептен акча табуу максатында кетип жатышкан.

Имарат табылды, имарат табуу бир жумуш, ал эми жакшы мугалимдерди кантип табуу керек. Бул абдан оор болчу. Оңой чечим жолун таптым. Изилдөө иштерин өткөрдүм – тааныштарымдын, досторумдун, туугандарымдын балдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Аларга кайсы мугалим жагат, ким жакшы окутат, кимдин сабагы кызыктуу деген суроолорду берип баштадым.

Эки жумадан кийин менде “Мыкты кадрлардын” жакшы тизмеси пайда болду. Анан ал мугалимдер менен жолугуп баштадым, жаңы мектеп жөнүндө анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип баштадым. Маанилүүсү алардын профессионалдык идеяларын ишке ашырууга эркиндик берүү болчу. Анткени айылдарда өзүн көрсөтүүнү каалаган, бирок мүмкүнчүлүгү болбогон мугалимдер аз эмес. Бул мүмкүнчүлүктү жаңы мектеп бере алмак. Аларды материалдык жактан дагы кызыктырдым. Ал үчүн чоңдорго чуркап жүрүп, негизги айлыкка 20% кошумчага дагы жетишкем.

Ошентип көптөн күткөн 1 –сентябрь дагы келди. Класстар даяр жана педогогикалык курам түзүлгөн болчу. Мектеп ачылганда 78 окуучу бар болчу. Бүгүнкү күндө окуучулардын саны 400 гө чейин өстү – 2 сменде 16 класс. Өзүңөр көргөндөй мектептин имараты 1950- жылдары курулган, курулуш стандарттарга дал келбейт, чынын айтканда абалы оор. Мен мектептин директорумун. Биз Билим берүү министрилигине карайбыз жана бизди мамлекет камсыздайт. Мектептин программасы автордук жеке, ал эми башкаруусу мамлекеттик.

Биздин районда беш типтүү мектеп бар, биз аларга таттыктуу атаандаштык кыла алабыз. Бул көптөгөн кемчиликтерге карабастан. Мисалы, бизде спорт зал жок, аянт каарга толгон. Бирок биздин максат өзгөрбөйт – ар бир окуучуга таттыктуу билим жана тарбия. Биздин жумушта биз балдарга жагымдуу чөйрө түзүүгө аракет кылабыз, бул ата – энелердин жана балдардын биздин мектепке кызыгуусун арттырат. Каалоочулар абдан көп, бирок биз материалдык ресурс жагынан чектелгенбиз.

1998- жылдын май айынан баштап, 351 бүтүрүүчүнүн ичинен, 293 бүтүрүүчү биздин өлкөдөгү ар кайсы жогорку окуу жайларына өтүшүп, учурда иштеп жатышат. 168 окуучу бюджеттик орундарга өтүштү, 125 бүтүрүүчү (57%) ЖРТдан эң жакшы баллдарды алып, эң мыкты жогорку окуу жайларына өтүштү.

Нуржаз, тогузунчу класстын окуучусу

Гумандуу педагогика – бул толук бир бирин түшүнүү. Бизге ар кайсы шарттарды коюшпайт. Мисалы бир иш чара уюштурууну кааласак мугалимдерге айтабыз, жерин жана убагын өзүбүз тандайбыз. Бизде мугалимдердин урушуусу деген жок, уруп согуу деген такыр эле болбойт,  бир бирибизге сый мамиле кылабыз. Мектептин иш чараларына өз каалообуз менен катышабыз, мугалимдер кыйнабайт. Менин оюмча  биз окутулган жана тарбияланган методика мындан аркы өнүгүүнүн жана гүлдөөнүн биздин мектепте эле эмес бардык өлкөдө негизи болуп эсептелет.

Саадат Баймуратова, англист тили мугалими

Ар бир мугалим сабактарында балдардын ой- жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн ар кандай ыкмаларды пайдаланат. Мисалы адабият сабагында сүрөт тартуу жана ырдоо ыкмаларын колдонушат. Биздин билим берүү программасынын негизги компетенциялары – жемиштүү, креативдүү жана репродуктивдүү. Эгер окуучулар бардык керектүү билимдерди алса, чыгармачылык иштерди кылса болот – картинаны сүрөттөө, тарыхты сүрөттөө үчүн эссе жазуу. Алар суроону дагы туура бере алышат. Чыгармачылык тапшырмалары окуучунун деңгээлине жараша коюлат. Ар бир сабак, ага дал келген негизги компетенцияларды өнүктүрөт.

Англис тилин практика кылуу үчүн биздин окуучулар менен биздин ыктыярчылар иштешет. Азыр бизде сабакты Дана өткөрөт, ал “Тынчтык корпусу” уюмунун өкүлү. Көбүнчө алар бир канча айга келишет жана айылдагы бир үй бүлөөнүн үйүндө жашашат. Ыктыярчылар балдар менен ар кайсы темада сүйлөшүп, кружокторду өткөрүшөт. Мен Дана менен дагы маектешүү уюштурууну каалагам, бирок ал учурда мектепте эмес экен, жумуштары боюнча базарда кетиптир.

Бала менен эсептешүү керек!

Менден гумандуу педагогика деген сөздүн мааниси эмнени түшүндүрөт? деп көп сурашат. Мектептеги борбордук жер – бул мугалим менен окуучунун мамилеси. Балдар тентек кылышат, алардын дүйнөсү ошондой түзүлгөн. Мен мугалимдерден ар дайым аларды урушпоону, айрыкча кол көтөрбөөсүн суранам. Кээбир мугалимдер мага таарынышат, менин жумшактыгымдын айынан балдар укпай калгандыгын айтышат. Бирок менин жеке байкоолорум, илимий изденүүлөрүм мындай жыйынтыкка алып келди, балдар менен эсептешүү, аларды инсан катары баалап, сыйлоо керек. Советтер союзунун учурунда балдар гумандуулук баалуулуктарын жетишинче алган жок. Алар аткаруучулар катары тарбияланган. Мамлекеттик мектептин директору болуп жүргөндө эле, биз кошоматчы,  жакшы сүйлөгөн, бирок эч нерсе кылбаган адамдарды тарбиялап жатканыбызды байкагам. Балдар ошондой адамдар бат көтөрүлгөндүгүн байкашкан да.

Биздин мамлекетте акцент билимдин бар болгонуна коюлат, биз жөн гана жаттап алуу жөндөмдүүлүгүн беребиз. СССР дин учурундагы негизги идея, адамдын адамга баш ийүүсү болгон, бүт система ошол идеяга негизделген. Бала мугалим айтканды, атасы айтканды аткарыш керек болчу, бирок өз оюн өнүктүргөн эмес. Биздин кемчилик ушунда. Ошондуктан бирөөнүн оюн уккандар көп. Бирөө “Ура!” десе, анын артынан кете беришет, эмне үчүн экендигин билишпейт…

Эсимде, мурдагы жумушумда, жай мезгилинде класс менен чөп чапканы барганбыз. Бир жолу балдардын бири дагы иштебей, бир баланын айланасында чогулуп тургандарын көрдүм. Басып келип карасам, бир окуучу жылан кармап алып аны менен ойноп жатыптыр. Бир мугалим алыста турган экен жыландан коркуп, басып келе албай турса керек. Аны көргөн окуучу андан дагы кызыгып калды, башкаларга аны караган кызык болду. Мен шашпай анын жанына басып бардым. Жанына отуруп, аны мактап баштадым. Анын абдан өткүр экендигин, коркунучтуу жыланды кармай алгандыгын, анын абдан эмгекчил экендигин айтып чөп чабуу командасын башкарууну сунуштадым. Анкени жумуш токтоп калган. Ал сүйүнүп, жыланды ыргытып чөп чабууга жөнөдү. Анын кылганы албетте жаман иш болчу. Ал мугалимди дагы укпай жаткан. Аны уршушкандын ордуна анын жакшы жактарын, анын өткөрдүгүн айтып ага чөп чабуу жоопкерчилигин алууну сунуштадым.

Мен мектебимде жазалоо ыкмасын алып салдым, анын ордуна, жакшы үлгү, ынандыруу жана жакшы жөндөмдүүлүктөрдү үйрөтүүнү киргиздим. Балага өз алдынча болуу мүмкүнчүлүн берүү керек, ага ишенүү керек. Ишеним- бул чоң жоопкерчилик. Балага таарынуудан мурда өзүңөрдүн бала кезиңерди эстегилечи. Албетте, баланы тарбиялоо керек, бирок аны сүйүү менен кылыш керек. Эң маанилүүсү бала менен диалог кура билүү. Мектептеги негативдүү нерселер табигый көрүнүш, анткени ал жакта балдар окушат.

Чыныгуль Азимбаева, Тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Мен класстан тышкаркы сабактарды, райондук иш- чараларды уюштурам, ошондой эле, мектеп парламентинин уюштуруучусу болом. Бизде 1 класстан 11 класска чейин 374 бала окуйт.

Биздин мектепте баалоо баллдык система аркылуу: биринчи балл катышкандыгы үчүн, экинчи балл- келгендиги үчүн, үчүнчү – активдүүлүк үчүн, төртүнчү балл —  үй тапшырма үчүн, бешинчи- изденүүсү жана чыгармачылык колдонуусу үчүн. Эгер бала бардык беш пункт боюнча балл алса, беш алат, эгер төртөөнөн балл алса – төрт алат. Бардык сабактар боюнча ушундай.

«Гумандуу педагогика ырайымдуулук дегенди билдирет. Эгер тактап айтсак биздин мектеп — гумандуу жана демократиялуу, башкача айтканда балдарды урушууга болбойт. Ушундай принцип! Биз аларга бирдей мамиле кылабыз. Биздин максат- балдардын эң мыкты адамдык сапаттарын өнүктүрүү. Тил албаган окуучуларга көп убакыт бөлөбүз, ата- энеси менен сүйлөшөбүз, социалдык педаогог кошулат, баарыбыз чогуу иштейбиз».

Мен өзүм бул мектепте окуп жүргөндө, мага кыргыз тили жана адабияты сабагы жакчу, аны агай (мектептин директору жана негиздөөчүсү) өзү өтчү. Аны сөз аркылуу кантип жеткизүүнү билбейм. Мугалим айтып берип жаткан аңгемелердеги каармандардын жашоосун өзүн жашап жаткандай болосун. Ал бизди дагы үйрөткөн, бизге өзү окуп берчү эмес, биз өзүбүз окуп, каармандарды тартчубуз. Макал бар: «Эгер жардам берүүнү кааласан, балык кармап бербей, балык кармагыч бер». Ошентип биз дагы ал балык кармагычты өмүрүбүздүн аягына чейин алдык. Азыр бизге үйрөтүлгөндөрдү эске алып, балдарды өз алдынча максатына жетүүгө үйрөтүп жатабыз.

Биздин негизги милдетибиз – окуучунун өзүн өзү табуусуна жардам берүү

Нурзида Солпуева, завуч

Бизде баалоо модулдук система менен. Мисалы бир канча тема бир бөлүккө кошулган. Бир глава бул – бир модуль, аны бүткөндөн кийин билимди текшерүү болот, аны өтпөсө окуучу кийинки модулга өтө албайт. Башкача айтканда окуучу бардык темаларды өздөштүрөт. Баалоонун модулдук системасынын айырмачылыгы ушунда. Бул система өлкөнүн жогорку окуу жайларында көп колдонулат. Студенттерге окшоп, биздин окуучулар дагы модуль тапшырат, анын жыйынтыгы менен мугалим теманы түшүнүү деңгээлине жараша баа коет. Модулдук системанын эрежесине ылайык биз ар башка көрсөткүч боюнча баллдарды коебуз: үй тапшырмасын, жеке тапшырмаларды аткаруу, өзүн алып жүрүүсү, жаңы материалды өздөштүрүүсү. Эгер окуучу модулду тапшыра албаса, ага даярданып кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Ар бир чейректин аягында окуучулар зачет беришет. Ошондуктан чейрек баа зачет тапшыруудан көз каранды. Биздин окуучулардын зачеттук китепчеси бар. Модулдар качан жана кандай болоору сабактын программасынан жана бир чейректе канча бөлүк өтүлгөндүгүнөн көз каранды.

Эмгек сиңирген мугалим наамы

Советтер союзунун маалында директордун айлыгы тиричилик маселелерин чечүүгө жакшы колдоо болчу. Мен төрт жылдык эс алууга берилген акча менен  үй салгам. Ал эми империя  кулап калгандан кийин, үй – бүлөмдүн колдоосу менен жакшы көргөн ишимди уланта алдым. Мен үйдө чарба менен алектенчү эмесмин, абдан көп мал деле бакчу эмесмин. Үч жылдай туугандарымдын үйүндө квартирада жашадым. Эсимде, буудай сепчүмүн, балдар жардам беришчү. Улуу балдарым чоңоюп, Оруссияга акча тапканы кетишкен, кичүүлөрү үйдө калышкан. Үйдөгүлөр мени жакшы түшүнчү, менин идейный киши экенимди билишчү. Бир эле учурда атам жана байкем өтүп кетишти, менин да ден- соолугум начарап баштады. Ошол учурда жубайымдын жана балдарымдын колдоосу баарын таштап салбай, автордук мектепти ачуу иштерин улантуума жардам берди.

Мен азыр 67 жаштамын. Пенсияга чыккам, бирок мектеп директору болуп иштеп жатам. Биздин мектеп автордук болгондуктан көп ата- энелер балдарын мага ишенип беришкен, ошондуктан азыр пенсияга кете албайм, кетүүнү каалагам, бирок мага ишенген балдарды жана ата- энелерди таштап кете албайм. Жумушка  эртең менен эрте кетем, кечинде кеч келем. Үйдөгүлөр көнүп калышкан. Балдар чоңойгондо мектепте иштөө оңой болуп калды. Мектепти башкаргандан сырткары  кыргыз тили жана адабияты сабагынан берем. Беш республикалык олимпиаданын катышуучуларын даярдадым. Негизинен окуучуларды жогорку окуу жайына тапшырууга даярдоого басым жасайм.

Мектеп менин балдарыма дагы жардам берди, менин эки балам жана төрт кызым бар. Алар окууларын жакшы аякташты, экөө «Манас» университеттин бүтүрдү, бир балам Кытайда окуду, кичүү кызым журналистика тармагында иштейт, өз фондун негиздеген. Кичүү уулум – жеке ишкер, улуусу курулуш тармагында иштейт. Баары Бишкек шаарында жашашат. Дайыма  жумушумду бүтүрүп көчүп келүүмдү суранышат, бирок жогоруда айтып кеткендей, өз балдарымды таштап кете албай жатам.

Мектепте 47 жылдан ашык иштеп, 2017 – жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамын алдым. Бул наамга мени мурда дагы көрсөтүп келишкен, бирок документтер артка келчү. Көрсө бул жылы менин окуучуларым түздөн түз Президентке кайрылышыптыр, Билим берүү Министрилиги жактырып, анан наамды алдым.

Жаш мугалимдерге чоң үмүт бар

Учурда тарбия жана билим берүүнүн сапатын жогорулатып, заманбап талаптарга дал келүү үчүн «Сапаттуу билим» долбоорунун үстүндө иштеп жатам. Бирок мени автордук мектептин келечеги абдан ойлондурат, айрыкча пед. коллектив жана мекеменин келечектеги жетечиси. Албетте, мен ордума калуучуларды даярдап жатам, биз аларды өзүбүз тарбиялайбыз. Мисалы, биздин беш бүтүрүүчүбүз учурда мугалим болуп иштеп жатышат. Азыр багыт берип, кеңеш берип, кадрларды даярдап жатабыз. Бирок ага карабастан директордук кызмат үчүн, атайын квалификациялык талаптар бар ошого карап шайлашат. Албетте, жаштарды айылга алып калуу өтө оор, бирок мен аларды калууга көндүрөм. Ошондой эле, жаш мугалимдер мектепти таштап кетип калбоосу үчүн аларды  психологиялык жактан даярдайм, алардан келечек көз каранды экендигин айтам.

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Аман Акматов, Диана Ухина и Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Алмаз Исаков
Корректор: Елена Бослер-Гусева

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...