КАДЫРБЕК ЭПЕЕВ: Мен кантип айылдагы алгачкы бала бакчанын ачылуусуна жетиштим

18 Май 2019 жыл 0:10
Количество просмотров: 26

Бирдик  жана Арал айылдары, Жалал-Абад облусу  (мурдагы Нарын облусу)

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.

Тогуз – Торо району Кыргызстандын борборунда жайгашканына карабай, алыскы аймак болуп эсептелет. Анын алыскы аймак болуп калуусунун негизги себеби, анын алыстыгы, жолдордун начардыгы жана алтын казуучу комбинатка карабай экономиканын артта калуусу болсо керек. Биздин айыл өкмөттө эки айыл бар – Арал жана Бирдик. Аларда 2,5 миң киши жашайт. Жалал- Абадка чейин 140 км жана Нарынга чейин 200 км. Айылдыктар малчылык менен алектенишет. Жаштар эмгек миграциясында. Мен – айыл өкмөтүнүн кызматкеримин. Көрсө бир нерсени өзгөртүүгө көңүлүн болуп, көзүн жетип турса, акча дайыма табылат экен, негизгиси –  жакшыга аракет кылуу. Айылдын масштабындагы эң чоң долбоор бала бакча куруу болду.

Бала бакча куруу идеясын ишке ашыруу үчүн, жергиликтүү бийликтен донорлорго кайрылып, долбоор жазып, аны презентациялоо керек эле. 2016 – жылы мен долбоор жазып, аны Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине  (ARIS) жибердим. Көрсө көп нерсе долбоордун презентациясынан көз каранды экен, сынактын коммисиясын демилгенин маанилүүлүгүнө жана зарыдыгына ынандыруу керек экен.

Жогоруда айтылгандардын баарын ишке ашыра алдым. Бирок көйгөй күтпөгөн жерден келди. Бардык муниципалдык жерлер өз убагында жеке жактарга сатылып кетиптир. Өсүп келе жаткан муун үчүн биздин имаратты курууга мүмкүн болгон, жалгыз жер мектептин аймагынын жарымы болду. Окуу жайдын жетекчилиги каршы болду, анткени бала бакчаны куруу үчүн бактарды кыйуу керек эле. Менде экологиялык кызматтан тиешелүү уруксаат кагаздары бар болчу.

Мен аларды ынандырууга аракет кылдым, мен аларга ар бир дарак баалуу, бирок бир баланын тагдыры, бир дарактан маанилүү экендигин айттым. Анткени бала жакшы тарбия алса, таттыктуу адам болуп чоңойсо, миң дарак отургузат. Мугалимдер менен эки ай тирешүүнүн жыйынтыгында, алар курууга макулдугун беришти. Жергиликтүү эл бул маселе боюнча пассивдүү болушту, ал эми депутаттар сырттан байкап турушту.

ARIS менен бала бакчаны куруу долбооруна 2016 – жылы кол коюлган. Биз мектептин жетекчилигин ынандыргыча, куруу иштери эки айга жылдырылды. Короодо октябрь айы болчу, а бизде кыш эрте келет.

Бала бакчаны ачуу

Жыйынтыгында куруу иштери 2018- жылдын башында аяктады, анан имаратка керектүү жабдыктар алып келинди. 2018 – жылдын башында бала бакча өзүнүн алгачкы тарбиялануучуларын кабыл алды. Көпчүлүк дарактарды кыйбай сактап калганыбызды дагы айта кетүү керек.

Балдар мекемесине жергиликтүү бюджеттен 275 000 сом жумшалды. Калган 17,5  млн. сом эсебиндеги сумманы: Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ARIS)  15 млн. сом бөлүп берди жана Швейцариялык Уюм «Хельветас Свисс Интеркооперейшн» 2,5 млн. сомго бала бакчага керектүү жабдыктарды алып беришти.

Балдардын тамак – ашы үчүн ата- энелер айына 500 сомдон төлөшөт. Бала бакчаны иштетүүгө кеткен каражат, ремонт, чарба муктаждыктары айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнөт. Штаттык жумушчулардын айлыгы Билим берүү министрлиги тарабынан төлөнөт. Баарынан кызыгы, кечөө эле бала бакчанын, мектептин аймагына салынуусуна каршы болгон мугалимдер, бүгүн бул жакта иштөөгө даяр.

Биздин аймакта төрөлүү абдан жогору, бала бакчалар жетишпейт. Азыр биз 50 гана орун менен камсыздай алабыз: 2 группа (улуу жана кичүү) 25 кишиден, ал эми кезекте дагы 150 бала турат. Биз кошумча дагы 50 баланы кабыл алууну пландап жатабыз.

Имаратты бала бакчанын жумушчулары өздөрү кооздошту, баарын өздөрү ойлоп таап, анан колго тартышты. Коопсуздук үчүн имаратка видео камералар орнотулду.

Гульнур Жанкорозова, бала бакчанын мед айымы

Мен ФАБта (Фельдшердик- акушердик бөлүк) акушер жана фельдшер болуп иштечүмүн. Анан бул жакта иштеп баштадым. ФАП жолдун аркы бетинде, ал жакта иштөө оор. Пенсияга жакындап калганда бул жакка өтүүнү чечтим. Мага балдар менен иштөө жагат. Бала бакчадагы жагымдуу чөйрөнү жактырам, шарттар жакшы.

Азыр балдар көп ооруган, сасык тумоологон учур. Инфекциялык ооруларды жуктурууну алдын алуу үчүн ооруган балдарды эшиктин оозунан эле үйүнө жөнөтөбүз. Келүү пайызы төмөн, маалым каттарды алып келишет ошого жараша меню түзөбүз.

Бизде балдардын церебралдык параличи (ДЦП) менен ооруган бала бар. Биз ага өзгөчө камкор мамиле кылабыз. Анын жанында оору тууралуу айтпайбыз, анын психикасын жабыркатат деп ойлойбуз. Азыр ал улуу группада. Ага башка балдарга мамиле кылгандай эле мамиле кылабыз, алардын ортосунда айырма жок. Тарбиячылардан ага көңүл буруп, мээримдүү мамиле кылуусун суранабыз. Ата- энеси  тарбиячыларга ыраазы, бала бакчага келип баштагандан бери кызы кээжир болбой калды деп айтышты.

Зарина Токонова, бала бакчанын бала багуучусу

Бизде таң физикалык көнүгүүлөр менен башталат. Кышында имараттын ичинде, ал эми башка мезгилдерде эшикте. Бизде баардыгы программа менен. Кийин балдар чай ичишет. Түшкү тамактануу саат 13.30 да. Менюда суюк тамактар жана түрдүү кашалар. Балдар үч жарымдарга чейин укташат. Турганда ойноп башташат, сүрөт тартышат. Түстүү кагаздар менен иштөөнү абдан жакшы көрүшөт.

Мени балдарым дагы бул бала бакчага келишет, эки балам бар. Балдар бала бакчага кубаныч менен келишет, аларга бул жактын шарттары жана өз теңдүүлөр менен сүйлөшүү жагат. Мектеп жаныбызда, кээбир мугалимдер балдарын бул жакка алып келишет. Кечөө (26 – декабрь) айылда балаты майрамы болгон, ошондуктан бүгүн балдар аз келди: уйкуларын кандырып жатышса керек.

 

Биздин таяныч – бул инвестициялар

Биздин аймакта ишке ашырылып жаткан позитивдүү иштердин баардыгы ар кайсы уюмдардын жардамы менен. Алардын жардамы менен кээбир үй- бүлөөлөр өзүнүн материалдык абалын жакшыртып жатышат. Мисалы, ООНдун өнүктүрүү программасы (ПРООН) аркылуу айылдыктарга үч күнөскана курулду. Куш чарбасын өнүктүрүү үчүн 10 кишиге 400 дөн тоок алынып берилди.

Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө биздин негизги таяныч – бул тышкы донорлор тарабынан берилген инвестициялар, биздин негизги үмүтүбүз ошолордо. Анткени жергиликтүү бюджет жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жол бербейт. 2016- жылы мени айыл өкмөтү болгондо, бюджеттин пайда бөлүгү 900 000 сомду гана түзчү. Азыр 1,5 миллионго жеткиздик. Негизги булак- бул жер салыгы. Биз толук инвентаризация кылуу жолуу менен кирүүчү салыктардын көлөмүн көбөйтө алдык.

Биз ар дайым башкалардын инвестияларды тартуу боюнча тажрыйбасын алууга, башкалардан эффективдүү презентация кылуу жолдорун үйрөнүүгө аракет кылабыз.

Элдердин аң — сезиминде бардык көйгөйлөрдү айыл өкмөтү чечиш керек деген ишеним калыптанып калган. Бир жолу Базар – Коргон районунда семинарда болчумун. Айылдашым чалып: «Кошунанын уйу менин чарбамдын кашаасын талкалап салды, келип тартипке салыңыз – деди». Мен келгенде, анын кашаасын оңдоп берем деп айттым. Бардык маселе жана себеп боюнча кайрыла беришет. Бир жагынан карасак бул биздин иштеп, көйгөйлөрдү чечип жатканыбыздын көрсөткүчү. Адамдар иштейт көйгөйлөрдү чече алат деп сага кайрылышат.

Учурда биз Түндүк- Түштүк альтернативалуу жолунун курулушун чоң үмүт менен күтүп жатабыз. Азыр ал курулуп жатат жана Балыкчыны Жалал- Абад менен байланыштырат. Бизде жол көйгөйү бар, өз азыктарыбызды ташуу кымбат. Аялдарга айтам: «Бир нерсе чыгарууну үйрөнгүлө. Жакында жол ишке берилет, ошондо эс алуучулар келип, биздин товарларды сатып алышат».

Долбоорлор менен иштеп жүрүп, мен бир нерсени түшүндүм — сын пикирге жана каршылыктарга карабай талыкпай эмгек кылып, өз максаттарына жетүү керек. Эмнени куруу керек болсо, куруу керек!

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Аман Акматов, Диана Ухина и Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Алмаз Исаков
Корректор: Елена Бослер-Гусева

 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каарманы Кадырбек Эпеевге, Бирдик жана Арал айылдарынын жашоочуларына жана бала бакчанын кызматкерлерине, freelance.kg сервисинин котормочуларына жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...