Суусамырда сууга агып кеткен 3 жаштагы бала табыла элек

18 Июнь 2019 жыл 18:14
Количество просмотров: 16

2019-жылдын 2-июнь күнү Суусамыр өрөөнүндө Бишкек шаарынан келген жарандардын баласы сууга агып кетти деген маалымат тараган. Болуп өткөн окуя тууралуу Суусамыр айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт төмөндөгү маалыматтарды айтты.

“2-июнь күнү болжол менен эртен мененки саат 9:00 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн, нөөмөт бөлүмүнө 112 кызматынан чакыруу түшкөн. Ал билдирүүдө Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүнүн 1985-жылы туулган Ким Артур Владимирович жана 1979-жылы туулган Бобрикова Елена Валерьевна өздөрүнүн достору менен Суусамыр өрөөнүндөгү, Жолго айылындагы агып жаткан Көкөмерен суусунун жээгине келип эс алышкан. Эртен мененки тамактанып жаткан учурда саат 9:00 чамасында бала суунун жээгинде таш ыргытып ойноп жаткан. Суу ылдыйыш болгондуктан 1-2 мүнөттүн ичинде 3 жаштагы Ким Тимур Артурович сууга агып кеткен. Бизге билдирүү келип түшөр замат окуя болгон жерге барып, 1-май айылынын айыл башчысы жана айыл тургундары менен биргеликте издөө иштерин жасадык. Бирок таба алган жокбуз. Андан кийин саат 12:00 чамасында Жайыл райондук ӨКМ кызматы келип алар менен биргеликте кечки саат 20:30га чейин издөө иштерин уланттык. Бирок тилекке каршы суу кирип жаткан убак болгондуктан, эч кандай тыянак болгон жок.”

Ал эми азыркы күндөгү издөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы туурасында Суусамыр айылынын өзгөчө кырдаал адиси Мурат Шаршенов билдирди:

“Бизге 2-июнь күнү саат 11де Жолго айылында жаш бала сууга агып кетти деген маалымат түштү. Эс алуучу үй бүлө Бишкек шаарынын тургундары, алардын 3 баласы болгон. Жалпы 10 адам эс алууга келген. Эс алуучулардын улуу кызынан сураганда суу жээкте ойноп жаткан. Андан кийин эле таппай калышкан. Чүй облустук башкармалыгынын адистери, Бишкек шаарынын суучулдары, Ак-Суу шаарынын атайын куткаруучулар тобу, бардыгы келип, иликтөө-издөө иштерин жасашты. Бирок ошондон бери азыркы күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Айлабыз кеткенде айыл өкмөттүн техникасын жана өзгөчө кырдаалдар адистигине тиешелүү техника менен сууну бурдук. Бирок анда да табылган жок. Кырдаал абдан курч. Азыркы убакта бардык тиешелүү адистер, суучулдар Жумгал районундагы Арал айылында иш жүргүзүп жатышат.”

Дал ушундай кырсыктарды алдын алуу үчүн же жаш балдар арасындагы коопсуздукту сактоо үчүн кандай иштер жасалат деген сурообузга тиешелүү органдардан төмөндөгүдөй жооп алдык.

Нурдасан Кулматов, Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин төрагасы:

“Абдан кайгылуу окуя болду. Менин оюмча, эс алууга келе жатканда ар бир эс алуучу жердин шарты менен таанышып, маалымат алып анан келиш керек. Суусамыр айылында мындай окуя болгондугу абдан өкүндүрөт. Дегеле коопсуздук үчүн айыл өкмөттө атайын соцкомиссия  мектептер менен биргеликте иш алып барат. Ал эми айыл өкмөтү жеке радио аркылуу кулактандыруу, же болбосо белгилерди илип ушул сыяктуу эч кандай иштерди жасаган эмеспиз. Бирок ушул окуядан кийин ойлонуп жатабыз. Жасаган иштерибиз кандай жыйынтык берет деген суроо да жаралып жатат.”

Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин директору Азамат Кашкариев мектеп ичиндеги коопсуздук иштери туурасында мындай деди:

“Мектеп ичинде окуучулардын коопсуздугу үчүн класс жетекчилер өздөрүнүн класстык сааттарында ар кандай темадагы сабактарды өтүп, балдарга туура жүрүү жана ар кандай коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп беришет. Андан тышкары, бизге Жайыл райондук билим берүү администрациясы тарабынан коопсуздук иштери туурасында буйрук келип түшөрү замат, мектеп администрациясы иштиктүү аракетке өтүп, окуучуларга буйруктун негизиндеги ар кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми сабактан тышкаркы убакта балдарга ата-эне көңүл буруусу керек.”

Андан тышкары Суусамыр айылдык өзгөчө кырдаал адиси Мурат Шаршенов буга окшогон кырсыктарды алдын алуу үчүн айыл башчылар менен атайын иш алып барыларын жана милиция бөлүмүнүн башычысы Жээнтай уулу Талгарт да милиция кызматкерлери мектептерге барып өздөрүнүн тиешелүү лекцияларын окуп турушарын кошумчалады.

      суусамырда сууга аккан бала табыла элек

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...