Ооган-Талаа айылында 6-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам арыктардан суу ашып көчөлөрдү басты.
Кыргызстандын экономикасынын төмөн болушу бардык аймакка таасир тийгизет жана жумушсуздукту алып келет. Тоң районунун Кара-Талаа айылында жумушсуздуктун кесепетинен жаштар жашоо пайдубалын түптөө максатында чет мамлекеттерге жумуш издеп кетишүүдө.
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы ФАП имаратынын ачылышы болду.
Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургундарынын көбү Орозо кармады. Ошондой эле өзүлөрү ниет кылып кармап жатышкандарын, орозо жакшы нерселерди алып келээрин жана ошондой эле тилектердин бардыгы кабыл болорун айыл тургундары …
Тогуз -Торо районундагы «Күнчубак» балдар бакчасында жогорку топтун даярдоо классынын коштошуу кечеси болду.
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы энелерге чакан концерт уюштурулду.
Бүгүн 5-июнь дүйнөдөгү мусулман элдери орозо айт майрамын белгилөөдө. Орозо айт — өз ара элдешүүнүн, кечиримдин, бейпилдиктин, аруулануунун майрамы жана мусулмандардын өткөн чактагы араздашууну, түшүнбөөчүлүктү, капачылыкты унутуп, өз ара элдешүүсүнүн …
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундары бүгүн Айт намазга катышышты. Айылдын ортосунда жайгашкан мечитке Орозо айынын аякташы менен Айт намазы окулду. Айт-намазды айылдын имамы Алиев Жолдош окуду. Мечитке чогулушкан тургундарга Мухаммед …
Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Тогуз ай толгоо тартып, жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы үчүн эмнени гана кылбайт. Тамтуң …
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу айылында дагы 11-жана 9-класстарда математика жана кыргыз тили сабактарынан мамлекеттик аттестация болуп өттү.
Эне тукум жаратуусу, адам баласына мээрим төгүп, муунга тарбия берип, үйдү үй кылып, мамлекеттин пайдубалын түптөп, улуттун тилин, дилин, каада-салтын муундан-муунга өткөргөндүгү менен эне улук.
Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү. Балдарды коргоо күнүнө Базар-Коргон районунун администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, Райондук билим берүү …
Сүлүктү шаарында Султанов көчөсүнүн жамааты автоунаа жолдорун өз күчү менен оңдоп алышты. Бул көчөдөгү үйлөр 1970-1973 жылдары курулган. Ошол мезгилде Ош курулуш техникумунун студенттери практика учурунда жардамга келгендиктен көчөнүн аты …
Суусамыр өрөөнүндө, 1-май айылында, салынып жаткан спорт аянтчасынын ачылышы аземи болуп өттү. Бул иш-чара 1-май айылдык айыл башчы тарабынан уюштурулду. Суусамыр өрөөнүнүн 5 айылынан мектеп командалары жана айыл ичиндеги командалар …
Баткен облусунун жаштарынын арасында уюштурулган дебат клубга Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын гимназисттери да активдүү катышып жатат.
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында айыл ѳкмѳтү кайра шайланды. Бул күнгѳ чейин Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Руслан Эшманбетов дайындалган. Ал 9 жылдан бери айыл ѳкмѳт башчысы болуп эмгектенип келди.