Улуттук көчмөндөр оюнуна ыктыярчылар даярдалууда

13 сентября 2019 в 11:21
Количество просмотров: 8

Биринчи жолу Улуттук көчмөндөр оюндары Талас өрөөнүндө өтөт. Бул маарекеге абдан катуу жана чөн даярдык көрүлдү. Оюндарга карата ыктыярчылар даярдалып окуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги атайын Талас жаштарынын арасынан татыктуу ыктыярчыларды тандап, бир нече күндүк окутууларды уюштурду. Окуутунун алкагында 150 ыктыярчы биринчи жардам, Талас облусунун тарыхы жана көчмөндөр оюндары деген темалар боюнча лекцияларга катышышты. 

Тандалган ыктыярчылар бир жума аралыгында 4 топ менен иштешет, бул журналисттер, туристтер жана спортсмендер. Чет жактан келген туристтер үчүн чет тилдерди билген ыктыярчылар тандалган. Андан тышкары 2018 жылы Көчмөндөр оюнуна катышкан ыктыярчылар дагы болот.

Жаштар үчүн атайын футболка, кепка жана бейджиктер даярдалды. Түшкү тамактануусун жана Талас облусунун ичинде жол маселесин Агенттик каржылайт. Ошондой эле ыктыярчылар менен келишим түзулөт.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...