Сүлүктүдөгү жаш мугалимдер мектеби жаңы багыт алды

26 сентября 2019 в 7:54
Количество просмотров: 15

 Сүлүктү шаарындагы жаш мугалимдер мектеби өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө жаңы багыт алды. 

«Жаш мугалимдерге усулдук кеңеш берүү максатында түзүлгөн жаш мугалимдер мектебинин эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдун жетекчилиги менен жаңы багыттагы иш планын иштеп чыктык. Биринчиден Гапыр Мадаминовдун 2019-жылы толуктоолор менен басылып чыккан Устаттык Өнөрү китебин, бул китепте берилген иш планды негиз кылып алдык. Экинчиден жетекчилик тажрыйбасы бар, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркуловду жаш мугалимдер мектебинин ишин уюштуруп алып барууга координатор кылып дайындадык», — дейт усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.

 «Жаш мугалимдер мектебинин ишин өркүндөтүү боюнча алгачкы кадамды Сүлүктүдөгү №3-мектептен баштаганыбыздын себеби ,Гапыр Мадаминов өзү ушул мектептен билим алып, ушул мектепте эмгек жолун баштаган. Биз күткөндөй эле жалпы эмгек жамаатынан активдүү колдоо болуп, алгачкы кадамыбыз ийгиликтүү болду. Жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү иштери бардык мектептерде жүргүзүлөт»,- дейт Бакытбек Сапаркулов.

  Даярдаган: Барчинай Алимова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...