Айымдар эмнеге шайлоого аз аттанышат?

4 октября 2019 в 17:08
Количество просмотров: 4

Ош облусунда өткөн жылдардагы жергиликтүү кеңешке талапкерлердин саны 829 болсо, анын 43 кандидаты гана айымдар. Ал эми Баткен облусунда 593 талапкердин ичинен 83 талапкери айымдар болгон. Бул абдан аз көрсөткүч, демек, айылдык айымдарды активдештирип, аларга мүмкүнчүлүк берүү маселеси турат.

«Демократия сааты» долбоорунун алкагында уюштурулган түз эфирдеги талкууга жергиликтүү кеңештин төрайымы Толкун Надиров жана активист- айым Мактым Мадалиева катышып, айымдардын шайлоодо талапкер болуусу тууралуу талкуулашты. Депутат айымдын айтуусунда Кулатов айыл аймагында 66 талапкердин арасынан 6 гана айым талапкер болгон. Айылдык айымдардын шайлоолорго барып, маанилүү маселелерди котөрүп чыгуусу үчүн эң биринчиден үй- бүлөсү колдошу керек экендиги айтылды. Ошондой эле, айымдардын айымдарды колдоосу дагы маанилүү.

Даярдаган: Чынара Нурманова

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1433

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

30

МЕДИКТЕР:

280

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

992

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...