Могол айыл аймагынын башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада түз эфир өттү

12 Июнь 2019 жыл 22:48
Количество просмотров: 12

Демократия сааты уктуруусунун кезектеги түз эфири Айыл өкмөт башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада өттү. Эфирдин коноктору Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, Могол айыл жер боюнча адиси Шакир Алимбеков, жана эсепчи Укубаева Зыягул болушту.

Сиз кайсы жылдан бери айыл өкмөтү болуп иштеп жатасыз? Кийинки жолку жергиликтүү кенештин депутаттарынын шайлоосу менен кайрадан айыл өкмөт башчысына шайландыңыз. Эл шайлаган шайлоо жакшыбы же жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлаганбы? Шайланган мөөнөтүңуздө кандай иштерди аткардыңыз?деген суроолор берилди.

Суроолорго Эркин Турдукулов жооп берди. Эфир учурунда фейсбук баракчасынан эң актуалдуу болгон айылдагы тротуарды оңдоо иштер боюнча суроолор берилип, тротуарды оңдоо иштери 2020-жылы башталарын Эркин мырза айтып кетти.

Мындан сырткары, жер адиси Шакир Алимбеков өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, элге жер кантип бөлүштүрүлөт, кандай жарандар жер алууга укуктуу, жер маселеси боюнча талаш-тартыш маселесинде кантип чечип бересиздер деген суроолор берилди.

Айыл өкмөтүн эсепчиси Зыягүл Укубаевага бюджет боюнча суроолор берилип, Зыягүл айым өз сөзүндө бюджеттин кантип бөлүштүрүп, сарпталары жөнүндө баяндады.

Түз эфир учурунда фейсбук, вотсап баракчаларынан кызыктуу суроолор берилди.

Эскерте кетсек, Демократия уктуруусу Фридрих Эберт фондусу тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...