Уул балдардын орундалган кыялдары

12 Ноябрь 2019 жыл 13:33
Количество просмотров: 28

сүрөт интернеттен алынды

Негизинен элет жеринде жумушсуздук күч алып келет. Бирок, жумуш жок деп эле карап отура бербестен ар ким ѳзүнүн жѳндѳмүнѳ жараша иш алып барса да болот. Элет жеринде балдардын кесип тандоосу ар дайым эле ѳзүнүн оюндагыдай боло бербейт эмеспи. Кээ бир балдар ата-энеси тандаган кесипке ээ болушат, ал эми кээ бирлери бала чагынан кыялданып келген кесипти аркалап келишет.

Барскоон айылынын тургуну Майрамбек Усупов дагы кыялданган кесибинин ээси болду. Ал кичинесинен эле чач жасалгаларына кызыгып, мырзалардын чачтарын тегиздей калып жүрчү. Бара-бара бул кызыгуу ышкыбоздукка айланып, азыркы күндѳ үч орундуу чакан чач тарач ачып, иштетип келет. Ал эркектердин эле чачтарын тегиздебестен сакал-муруттарын, каштарын жана кулак-мурун ичиндеги чачтарын да алып берет. Майрамбек бул чакан ишканасын кеңейтип, мырзалар үчүн сулуулук салонун ачуу кыялында бар экенин тѳмѳндѳгүдѳй айтып ѳттү.

Майрамбек Усупов

 

«Азырынча биздики үч орундуу салон. Келечекте чоңойтуп маникюр, макияж, педикюрду окутуп сертификат берүүгѳ жолдомо берсек деген үмүтүбүз бар».

Азыркы заманга жараша ата-эне уул балага да кыз балага да бирдей шарт, бирдей тарбия, бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Эгерде балдардын кесип тандоосунда ата-эне мажбурлап окутса, ал баланын келечеги бүдѳмүк болуусу да мүмкүн. Мурдагы заманда ата-эне балдарына айткан кесиптин ээси болушчу. Ал эми азыркы замандын талабына жараша ал мүмкүн эмес. Таңуулаган кесипти аркалап эч бир чоң ийгиликтерди жарата албай келишет. Бул туурасында «Балдарды коргоо борборунун» социалдык кызматкери Айнура Эмиркановага уул балдарга ата-эненин колдоосу кандай болуусу керек деген суроо менен кайрылып кѳрдүк.

      Uul-baldardyn-orundalbaj-kalgan-kyyaldary

Айнура Эмирканова

«Ар бир баланын ѳзүнүн кыялы болот. Кыялына да кеңешип эмне кыялы бар, ошол кыялына жетиш үчүн балада кандай жѳндѳм бар шык бар, балада кандай талант бар ошол кыялына жете алабы. Ошол кыялы менен сыймыктанат, ошол кыялына жетиш үчүн болгон күч аракетин жумшайт. Ал кыялына жеткенден кийин сѳзсүз түрдѳ ал кыялынын үзүрүн кѳрѳт».

Барскоон айыл ѳкмѳтү айылдын ѳнүгүп ѳсүүсүнѳ чоң салым кошууда. Тагыраак айта кетсек айыл жаштарын иш менен камсыз кылуу биринчи орунда турат. Мырзалар үчүн ар кандай муниципалдык ишканаларды ачуу менен алек болуп келишүүдѳ. Негизинен айтканда элет жеринде мырзалар үчүн сулуулук салондорун ачуу маселесин кѳтѳрүүдѳ. Мырзалар үчүн сулуулук салондорун чанда эле жерден кѳрүүгѳ болот. Ушул себептерге байланыштуу Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Жаныбек Үсѳнбаев алдыга койгон максаттары туралуу буларга токтоло кетти.

Жаныбек Үсөнбаев

 

«Биздин алдыга койгон пландар боюнча Кумтѳр тарабынан иштетилбей калган травкалар келип калса, мырзаларга ошол жерлерден орун таап, ремонттоп ошону элге кызмат кылуучу кеңсе катары коюп берсекпи деп ойлоп жатабыз».

 

Ар бир ата-эне балдарынын ѳз каалоосу менен кесип тандап аркалаганына кѳз караштары ар кандай. Майрамбектин чач тарач кесибин тандап аркалаганына апасы ар дайым кѳмѳк кѳрсѳтүп келет. Апасы Аманкан эже келин уулуна кѳп жылдык план менен иштѳѳнү сунуштап келет. Келин уулунун чач тарач кесибин толук кандуу алып барыш үчүн окутуп да келген. Бул да болсо үй-бүлѳлүк бюджетти толуктоо максатында ишке ашырылды деген оюн билдирди. Аманкан Мамбетова уулунун «Эсфира» салонун ачып иштетүүсүнѳ ар дайым багыт берип турарын айта кетти.

Аманкан Мамбектова

 

«Ушул бизнести алып барууга ѳздѳрүнүн ой жүгүртүүсүнѳ эркин коем. Бѳгѳт койбойм, тескерисинче мен ага жакшы жардам берем. Кѳп жылдык максат койгун, айлык максат койгунун, жылдык максат койгунуң деп багыт берип турам».

Ар бир жаранга ѳз кесиби барктуу дегендей бардык кесип ээлери ѳз кесиптери менен сыймыктанып келишет.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...