Кулатов айыл өкмөтүнүн китепканасы жаңы китептер менен толукталды

10 Декабрь 2019 жыл 9:34
Количество просмотров: 32

Кулатов айыл өкмөтүндө «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун уюштуруучулары иш- чара өткөрдү. Иш- чарага Кулатов айыл аймагындагы  айыл өкмөттүн кызматкерлери, китепканачылар, жашоочулар, мектеп окуучулары, мугалимдер катышышты. Кыргыз Ислам университетинин, Ош колледжинин мугалими Акматали уулу Шумкар жана Ыйман фондунун түштүк аймагы боюнча координатору Медер Абдыманнапов, Туркия Малайзия, Польша өлкөлөрүндөгү экономика жана менеджмент бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Бердалы Токтосунов жыйындын катышуучуларына мотивация берип, аларга окууга болгон кызыгуусун арттырды.

2019-жылдын сентябрь айынан баштап Кулатов элине долбоор өз ишин баштаган. Эл арасынан чыккан лидер студенттер, окуучулар долбоор боюнча калкка кеңири маалымат берип китеп жыйноого, демөөрчүлөрдү табууга активдүү катышып, жыйынтыгында 500 китеп жана 20000 ( жыйырма миң) сомдук жаңы китеп алууга жетишишти. Бул китептер айыл өкмөттүн борборундагы китепканага тапшырылды. Уюштуруу топтун лидери Марлен Жамалов:

«Бул долбоордун максаты, жаштарды китеп окууга тартуу, билимге болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет. Кулатов аймагындагы элдер бул иш- чарага активдүү катышып, иш- чаранын биринчи бөлүгү Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө болду жалпы 300 киши катышты. Ачылыш иш- чарада концерттик программа мектеп окуучулары тарабынан элге тартууланды. Экинчи бөлүгү «Максатыңа окуп жет» аттуу жөө жүрүш уюштурулуп, Айылдык китепканага чейин уланып, ачылыш аземи болду.»деп билдирди.

Кулатов айыл өкмөтүнүн китепканачысы Кудайбердиева Урмат бул долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, китекананын активдүү иштешине шарт түзүп бергендигин белгиледи. Алгач эски китептер болгондугуна байланыштуу китепканага окурмандар аз келээрин айтып, мындан ары окуучулар китеп окуу үчүн келип турарын билдирди. Иштөө графиги жуманын дүйшөмбү күнүнөн жума күндөрү саат 13.00дөн 15.00 гө чейин иштээрин айтты.

Даярдаган: Галдыбаева Мээрим, Кылычбек кызы Гүлзина

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...